Quran Apps in many lanuages:

Surah Ta-Ha Ayahs #120 Translated in Kyrgyz

وَإِذْ قُلْنَا لِلْمَلَائِكَةِ اسْجُدُوا لِآدَمَ فَسَجَدُوا إِلَّا إِبْلِيسَ أَبَىٰ
Ошондо Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» дегенде, бардыгы сажда кылды, бир гана Иблис (текеберленип; «Мен андан абзелмин» деп) баш тартты
فَقُلْنَا يَا آدَمُ إِنَّ هَٰذَا عَدُوٌّ لَكَ وَلِزَوْجِكَ فَلَا يُخْرِجَنَّكُمَا مِنَ الْجَنَّةِ فَتَشْقَىٰ
Биз айттык: «О, Адам! Чынында, бул (Иблис) сага жана аялыңа душман! Экөөңдү азгырып Бейиштен чыгарып койбосун! Анда бактысыз болуп каласың
إِنَّ لَكَ أَلَّا تَجُوعَ فِيهَا وَلَا تَعْرَىٰ
(Анткени,) Сен Бейиште ач-жылаңач калбайсың
وَأَنَّكَ لَا تَظْمَأُ فِيهَا وَلَا تَضْحَىٰ
Анда суусабайсың, күндүн ысыгына да күйбөйсүң.»
فَوَسْوَسَ إِلَيْهِ الشَّيْطَانُ قَالَ يَا آدَمُ هَلْ أَدُلُّكَ عَلَىٰ شَجَرَةِ الْخُلْدِ وَمُلْكٍ لَا يَبْلَىٰ
Шайтан (Иблис) аны азгырып (мындай деди): «О, Адам мен сага түбөлүктүүлүк дарагын жана түгөнгүс мүлк көргөзөйүнбү?»

Choose other languages: