Quran Apps in many lanuages:

Surah Sad Ayahs #60 Translated in Kyrgyz

جَهَنَّمَ يَصْلَوْنَهَا فَبِئْسَ الْمِهَادُ
Алар тозокко ташталат. Ал кандай жаман орун
هَٰذَا فَلْيَذُوقُوهُ حَمِيمٌ وَغَسَّاقٌ
(Эй, тозоктогулар!) Мына бул кайнак суу жана ириң! Анын «даамын» таткыла
وَآخَرُ مِنْ شَكْلِهِ أَزْوَاجٌ
Жана башка ушул сыяктуу ар түркүн (азаптар) бар! (Кийинки аяттарда тозокко киргизилип жаткан тозокулар бири-бирин айыпташат. Эң оболу азгыруучу-башчылар кирет. Алар өздөрүнүн артынан топурап келе жаткан жана дүйнөдө өздөрү азгырган адамдардын тобун бири-бирине көргөзүп мындай дешет)
هَٰذَا فَوْجٌ مُقْتَحِمٌ مَعَكُمْ ۖ لَا مَرْحَبًا بِهِمْ ۚ إِنَّهُمْ صَالُو النَّارِ
«Мына бул (топураган) топ дагы силер менен киргендер. Алар кош келишпеди. Алар албетте, тозокко ташталат»
قَالُوا بَلْ أَنْتُمْ لَا مَرْحَبًا بِكُمْ ۖ أَنْتُمْ قَدَّمْتُمُوهُ لَنَا ۖ فَبِئْسَ الْقَرَارُ
«Өзүңөргө кош келүү жок! — дешет (беркилер) — бизди бул жерге силер алып келдиңер! Бул эмне деген жаман орун

Choose other languages: