Quran Apps in many lanuages:

Surah Sad Ayahs #62 Translated in Kyrgyz

وَآخَرُ مِنْ شَكْلِهِ أَزْوَاجٌ
Жана башка ушул сыяктуу ар түркүн (азаптар) бар! (Кийинки аяттарда тозокко киргизилип жаткан тозокулар бири-бирин айыпташат. Эң оболу азгыруучу-башчылар кирет. Алар өздөрүнүн артынан топурап келе жаткан жана дүйнөдө өздөрү азгырган адамдардын тобун бири-бирине көргөзүп мындай дешет)
هَٰذَا فَوْجٌ مُقْتَحِمٌ مَعَكُمْ ۖ لَا مَرْحَبًا بِهِمْ ۚ إِنَّهُمْ صَالُو النَّارِ
«Мына бул (топураган) топ дагы силер менен киргендер. Алар кош келишпеди. Алар албетте, тозокко ташталат»
قَالُوا بَلْ أَنْتُمْ لَا مَرْحَبًا بِكُمْ ۖ أَنْتُمْ قَدَّمْتُمُوهُ لَنَا ۖ فَبِئْسَ الْقَرَارُ
«Өзүңөргө кош келүү жок! — дешет (беркилер) — бизди бул жерге силер алып келдиңер! Бул эмне деген жаман орун
قَالُوا رَبَّنَا مَنْ قَدَّمَ لَنَا هَٰذَا فَزِدْهُ عَذَابًا ضِعْفًا فِي النَّارِ
О, Раббибиз! Бизди бул жерге алып келгендерге тозок азабын эки эсе көбөйтүп бер!» (Алар бул дүйнөдө өздөрү жаман көргөн момундарды да тозокто көргүсү келгендиктен мындай дешет)
وَقَالُوا مَا لَنَا لَا نَرَىٰ رِجَالًا كُنَّا نَعُدُّهُمْ مِنَ الْأَشْرَارِ
«Эмне биз жаман көргөн кишилерди көрбөй жатабыз

Choose other languages: