Quran Apps in many lanuages:

Surah Saba Ayahs #7 Translated in Kyrgyz

وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لَا تَأْتِينَا السَّاعَةُ ۖ قُلْ بَلَىٰ وَرَبِّي لَتَأْتِيَنَّكُمْ عَالِمِ الْغَيْبِ ۖ لَا يَعْزُبُ عَنْهُ مِثْقَالُ ذَرَّةٍ فِي السَّمَاوَاتِ وَلَا فِي الْأَرْضِ وَلَا أَصْغَرُ مِنْ ذَٰلِكَ وَلَا أَكْبَرُ إِلَّا فِي كِتَابٍ مُبِينٍ
Каапырлар: «Бизге Кыямат келбейт» дешет. Сен айткын: «Жок, андай эмес! Раббиме ант, силерге (Кыямат) келет! (Менин Раббим) кайыпты Билүүчү! Андан асмандар жана жердеги кыпындай нерсе да кайып боло албайт! Андан (кыпындан) кичинерээк нерселер да, чоңураак нерселер да анык Китепте (Лавхул-Махфузда) бар
لِيَجْزِيَ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ ۚ أُولَٰئِكَ لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَرِزْقٌ كَرِيمٌ
Ыйман келтирип, салих амал кылгандарга (Аллаһ) сооп-сыйлык бериши үчүн. Аларга кечирим жана Улук Ырыскы (Бейиш) бар
وَالَّذِينَ سَعَوْا فِي آيَاتِنَا مُعَاجِزِينَ أُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ مِنْ رِجْزٍ أَلِيمٌ
Ал эми, Биздин аяттарыбызды (н өкүмүн) алсыратууга аракеттенген адамдарга (Акыретте) жан ооруткан катуу азап бар
وَيَرَى الَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ الَّذِي أُنْزِلَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ هُوَ الْحَقَّ وَيَهْدِي إِلَىٰ صِرَاطِ الْعَزِيزِ الْحَمِيدِ
Илим-хидаят берилген адамдар болсо, сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн Кураанды, Акыйкат жана Кудуреттүү, мактоого татыктуу Аллаһтын жолуна баштайт деп ишенишет
وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا هَلْ نَدُلُّكُمْ عَلَىٰ رَجُلٍ يُنَبِّئُكُمْ إِذَا مُزِّقْتُمْ كُلَّ مُمَزَّقٍ إِنَّكُمْ لَفِي خَلْقٍ جَدِيدٍ
Каапыр болгондор (бири-бирине) айтышат: «Силерге бир (айнып калган) кишини көргөзөлүбү? Ал силерге (өлүп, денеңер) күкүм болуп, талкаланып кетсеңер деле, кайрадан жараласыңар (деп сүйлөйт)

Choose other languages: