Quran Apps in many lanuages:

Surah Saba Ayahs #8 Translated in Kyrgyz

لِيَجْزِيَ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ ۚ أُولَٰئِكَ لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَرِزْقٌ كَرِيمٌ
Ыйман келтирип, салих амал кылгандарга (Аллаһ) сооп-сыйлык бериши үчүн. Аларга кечирим жана Улук Ырыскы (Бейиш) бар
وَالَّذِينَ سَعَوْا فِي آيَاتِنَا مُعَاجِزِينَ أُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ مِنْ رِجْزٍ أَلِيمٌ
Ал эми, Биздин аяттарыбызды (н өкүмүн) алсыратууга аракеттенген адамдарга (Акыретте) жан ооруткан катуу азап бар
وَيَرَى الَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ الَّذِي أُنْزِلَ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ هُوَ الْحَقَّ وَيَهْدِي إِلَىٰ صِرَاطِ الْعَزِيزِ الْحَمِيدِ
Илим-хидаят берилген адамдар болсо, сага Раббиң тарабынан түшүрүлгөн Кураанды, Акыйкат жана Кудуреттүү, мактоого татыктуу Аллаһтын жолуна баштайт деп ишенишет
وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا هَلْ نَدُلُّكُمْ عَلَىٰ رَجُلٍ يُنَبِّئُكُمْ إِذَا مُزِّقْتُمْ كُلَّ مُمَزَّقٍ إِنَّكُمْ لَفِي خَلْقٍ جَدِيدٍ
Каапыр болгондор (бири-бирине) айтышат: «Силерге бир (айнып калган) кишини көргөзөлүбү? Ал силерге (өлүп, денеңер) күкүм болуп, талкаланып кетсеңер деле, кайрадан жараласыңар (деп сүйлөйт)
أَفْتَرَىٰ عَلَى اللَّهِ كَذِبًا أَمْ بِهِ جِنَّةٌ ۗ بَلِ الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ فِي الْعَذَابِ وَالضَّلَالِ الْبَعِيدِ
Ал Аллаһка жалаа жаап жатабы же болбосо жинди болуп калганбы!?» Жок! (Андай эмес!) Акыретке (кайра тирилүүгө) ишенбеген (ал дооматчы) адамдар азапта жана алыс адашууда

Choose other languages: