Quran Apps in many lanuages:

Surah Saba Ayahs #42 Translated in Kyrgyz

وَالَّذِينَ يَسْعَوْنَ فِي آيَاتِنَا مُعَاجِزِينَ أُولَٰئِكَ فِي الْعَذَابِ مُحْضَرُونَ
(Бул дүйнөдө) Биздин аяттарыбызды алсыз (өкүмсүз) калтырганга аракет жасагандар (тозок периштелери тарабынан) азапка даярдалышат
قُلْ إِنَّ رَبِّي يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ وَيَقْدِرُ لَهُ ۚ وَمَا أَنْفَقْتُمْ مِنْ شَيْءٍ فَهُوَ يُخْلِفُهُ ۖ وَهُوَ خَيْرُ الرَّازِقِينَ
Айткын: «Албетте, менин Раббим Өзү каалаган адамдарга ырыскыны кенен берет. Жана (Өзү каалаган башка) бирөөсүнө ченеп берет. (Силер ырыскыңар мол-кенен болсо да, ченелген болсо да садака кылууга аракеттенгиле. Анткени:) Эмнени садака кылсаңар, Аллаһ (бир нече барабар көбөйтүп) Өзүңөргө кайтарат. Ал эң жакшы ырыскы берүүчү
وَيَوْمَ يَحْشُرُهُمْ جَمِيعًا ثُمَّ يَقُولُ لِلْمَلَائِكَةِ أَهَٰؤُلَاءِ إِيَّاكُمْ كَانُوا يَعْبُدُونَ
(Аллаһ) алардын (мушриктердин) бардыгын чогултуп, андан соң периштелерге: «Силерге ибадат кылгандар ушуларбы?!»- дейт
قَالُوا سُبْحَانَكَ أَنْتَ وَلِيُّنَا مِنْ دُونِهِمْ ۖ بَلْ كَانُوا يَعْبُدُونَ الْجِنَّ ۖ أَكْثَرُهُمْ بِهِمْ مُؤْمِنُونَ
«Өзүң (шериктерден) Аруу-Тазасың! (О, Раббим!) Алар эмес, Сен биздин Кожоюнубузсуң! Жок, алар (Бизге эмес) жиндерге ибадат кылышкан. Алардын көпчүлүгү жиндерге ыйман келтиргендер»(деп жооп берет периштелер)
فَالْيَوْمَ لَا يَمْلِكُ بَعْضُكُمْ لِبَعْضٍ نَفْعًا وَلَا ضَرًّا وَنَقُولُ لِلَّذِينَ ظَلَمُوا ذُوقُوا عَذَابَ النَّارِ الَّتِي كُنْتُمْ بِهَا تُكَذِّبُونَ
Ал (Кыямат) күнү (эй, мушриктер) бири-бириңерге пайда да, зыян да жеткире албайсыңар. Жана Биз заалым (каапыр) адамдарга «Өзүңөр «жалган» деген тозок азабын тарткыла!» дейбиз

Choose other languages: