Quran Apps in many lanuages:

Surah Saba Ayahs #39 Translated in Kyrgyz

وَقَالُوا نَحْنُ أَكْثَرُ أَمْوَالًا وَأَوْلَادًا وَمَا نَحْنُ بِمُعَذَّبِينَ
Жана алар: «Биздин мал-дүйнөбүз, перзент-урпактарыбыз көп. Биз азапка салынбайбыз» дешти.°
قُلْ إِنَّ رَبِّي يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ وَيَقْدِرُ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ
Айт (о, Мухаммад): «Менин Раббим каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Бирок, көпчүлүк адамдар муну билишпейт»
وَمَا أَمْوَالُكُمْ وَلَا أَوْلَادُكُمْ بِالَّتِي تُقَرِّبُكُمْ عِنْدَنَا زُلْفَىٰ إِلَّا مَنْ آمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا فَأُولَٰئِكَ لَهُمْ جَزَاءُ الضِّعْفِ بِمَا عَمِلُوا وَهُمْ فِي الْغُرُفَاتِ آمِنُونَ
Силердин мал-дүйнөңөр да, перзент-урпактарыңар да силерди Бизге жакындаштыра албайт! Ал эми, кимде-ким ыйман келтирип, салих амал кылган болсо, алардын амалдарына кошумча сыйлыктар берилет. Жана алар Бейиштеги бийик даражалуу орундарда тынчтык-бейпилдикте болушат
وَالَّذِينَ يَسْعَوْنَ فِي آيَاتِنَا مُعَاجِزِينَ أُولَٰئِكَ فِي الْعَذَابِ مُحْضَرُونَ
(Бул дүйнөдө) Биздин аяттарыбызды алсыз (өкүмсүз) калтырганга аракет жасагандар (тозок периштелери тарабынан) азапка даярдалышат
قُلْ إِنَّ رَبِّي يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ وَيَقْدِرُ لَهُ ۚ وَمَا أَنْفَقْتُمْ مِنْ شَيْءٍ فَهُوَ يُخْلِفُهُ ۖ وَهُوَ خَيْرُ الرَّازِقِينَ
Айткын: «Албетте, менин Раббим Өзү каалаган адамдарга ырыскыны кенен берет. Жана (Өзү каалаган башка) бирөөсүнө ченеп берет. (Силер ырыскыңар мол-кенен болсо да, ченелген болсо да садака кылууга аракеттенгиле. Анткени:) Эмнени садака кылсаңар, Аллаһ (бир нече барабар көбөйтүп) Өзүңөргө кайтарат. Ал эң жакшы ырыскы берүүчү

Choose other languages: