Quran Apps in many lanuages:

Surah Saba Ayahs #38 Translated in Kyrgyz

وَمَا أَرْسَلْنَا فِي قَرْيَةٍ مِنْ نَذِيرٍ إِلَّا قَالَ مُتْرَفُوهَا إِنَّا بِمَا أُرْسِلْتُمْ بِهِ كَافِرُونَ
Биз кайсы бир шаарга эскертүүчү (пайгамбар) жиберсек, анын ысырапчыл байлары: «Албетте, биз силер алып келген динге каапырбыз» дешкен
وَقَالُوا نَحْنُ أَكْثَرُ أَمْوَالًا وَأَوْلَادًا وَمَا نَحْنُ بِمُعَذَّبِينَ
Жана алар: «Биздин мал-дүйнөбүз, перзент-урпактарыбыз көп. Биз азапка салынбайбыз» дешти.°
قُلْ إِنَّ رَبِّي يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ وَيَقْدِرُ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ
Айт (о, Мухаммад): «Менин Раббим каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Бирок, көпчүлүк адамдар муну билишпейт»
وَمَا أَمْوَالُكُمْ وَلَا أَوْلَادُكُمْ بِالَّتِي تُقَرِّبُكُمْ عِنْدَنَا زُلْفَىٰ إِلَّا مَنْ آمَنَ وَعَمِلَ صَالِحًا فَأُولَٰئِكَ لَهُمْ جَزَاءُ الضِّعْفِ بِمَا عَمِلُوا وَهُمْ فِي الْغُرُفَاتِ آمِنُونَ
Силердин мал-дүйнөңөр да, перзент-урпактарыңар да силерди Бизге жакындаштыра албайт! Ал эми, кимде-ким ыйман келтирип, салих амал кылган болсо, алардын амалдарына кошумча сыйлыктар берилет. Жана алар Бейиштеги бийик даражалуу орундарда тынчтык-бейпилдикте болушат
وَالَّذِينَ يَسْعَوْنَ فِي آيَاتِنَا مُعَاجِزِينَ أُولَٰئِكَ فِي الْعَذَابِ مُحْضَرُونَ
(Бул дүйнөдө) Биздин аяттарыбызды алсыз (өкүмсүз) калтырганга аракет жасагандар (тозок периштелери тарабынан) азапка даярдалышат

Choose other languages: