Quran Apps in many lanuages:

Surah Saba Ayahs #36 Translated in Kyrgyz

قَالَ الَّذِينَ اسْتَكْبَرُوا لِلَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا أَنَحْنُ صَدَدْنَاكُمْ عَنِ الْهُدَىٰ بَعْدَ إِذْ جَاءَكُمْ ۖ بَلْ كُنْتُمْ مُجْرِمِينَ
Текебер жолбашчылары болсо, алсыздарга: «Өзүңөргө (анык далилдер) келгенден кийин силерди Туура Жолдон биз тостук беле? Жок! Өзүңөр күнөөлүү болгонсуңар!»- дешет
وَقَالَ الَّذِينَ اسْتُضْعِفُوا لِلَّذِينَ اسْتَكْبَرُوا بَلْ مَكْرُ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ إِذْ تَأْمُرُونَنَا أَنْ نَكْفُرَ بِاللَّهِ وَنَجْعَلَ لَهُ أَنْدَادًا ۚ وَأَسَرُّوا النَّدَامَةَ لَمَّا رَأَوُا الْعَذَابَ وَجَعَلْنَا الْأَغْلَالَ فِي أَعْنَاقِ الَّذِينَ كَفَرُوا ۚ هَلْ يُجْزَوْنَ إِلَّا مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
(Анда) ээрчиген алсыздар текебер жолбашчыларына (мындай) дешет: «Жок!» (Силер ойлогон) түн менен күндүн айлакерлиги (бизди азгырды!). Ал кезде силер бизди Аллаһка каапыр болууга жана Ага теңдеш-шериктерди кошууга буюргансыңар!» (Ошентип бардыгы), азапты (өз көздөрү менен) көргөндө ичинен бушайман тартып турушту. Биз каапыр болгон адамдардын моюндарына кишендерди салып койдук. Алар(та зулум кылбадык), өздөрү жасаган (жаман) иштеринин гана жазасын алышты
وَمَا أَرْسَلْنَا فِي قَرْيَةٍ مِنْ نَذِيرٍ إِلَّا قَالَ مُتْرَفُوهَا إِنَّا بِمَا أُرْسِلْتُمْ بِهِ كَافِرُونَ
Биз кайсы бир шаарга эскертүүчү (пайгамбар) жиберсек, анын ысырапчыл байлары: «Албетте, биз силер алып келген динге каапырбыз» дешкен
وَقَالُوا نَحْنُ أَكْثَرُ أَمْوَالًا وَأَوْلَادًا وَمَا نَحْنُ بِمُعَذَّبِينَ
Жана алар: «Биздин мал-дүйнөбүз, перзент-урпактарыбыз көп. Биз азапка салынбайбыз» дешти.°
قُلْ إِنَّ رَبِّي يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ وَيَقْدِرُ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ
Айт (о, Мухаммад): «Менин Раббим каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Бирок, көпчүлүк адамдар муну билишпейт»

Choose other languages: