Quran Apps in many lanuages:

Surah Saba Ayahs #29 Translated in Kyrgyz

قُلْ لَا تُسْأَلُونَ عَمَّا أَجْرَمْنَا وَلَا نُسْأَلُ عَمَّا تَعْمَلُونَ
Айт: «Биздин күнөөлөрүбүз үчүн силер сурак бербейсиңер, силер жасаган (жаман) иштерге биз жоопкер эмеспиз!»
قُلْ يَجْمَعُ بَيْنَنَا رَبُّنَا ثُمَّ يَفْتَحُ بَيْنَنَا بِالْحَقِّ وَهُوَ الْفَتَّاحُ الْعَلِيمُ
Айт: «Раббибиз силер менен бизди (бир жерге) чогултуп, анан ортобузда акыйкат менен өкүм кылат. Ал - Билүүчү, Өкүмдар!»
قُلْ أَرُونِيَ الَّذِينَ أَلْحَقْتُمْ بِهِ شُرَكَاءَ ۖ كَلَّا ۚ بَلْ هُوَ اللَّهُ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
Айт: «Аллаһка кошуп (шерик кылып) койгон «кудайыңарды» мага көргөзгүлөчү?! Жок! Аллаһ Бир Өзү гана Кудуреттүү, Даанышман!»
وَمَا أَرْسَلْنَاكَ إِلَّا كَافَّةً لِلنَّاسِ بَشِيرًا وَنَذِيرًا وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ
Биз сени (Бейиштен) кушкабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып, жалпы инсанияттын бардыгына жибердик. Бирок, адамдардан көпчүлүгү муну билишпейт. (Пайгамбар саллаллоху алайхи ва саллам мушриктерге тозок жөнүндө эскертүү бергенде, алар мусулмандарга карап)
وَيَقُولُونَ مَتَىٰ هَٰذَا الْوَعْدُ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
«Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы) бул убада качан (келет)?»- дешет

Choose other languages: