Quran Apps in many lanuages:

Surah Saba Ayahs #26 Translated in Kyrgyz

قُلِ ادْعُوا الَّذِينَ زَعَمْتُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ ۖ لَا يَمْلِكُونَ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ فِي السَّمَاوَاتِ وَلَا فِي الْأَرْضِ وَمَا لَهُمْ فِيهِمَا مِنْ شِرْكٍ وَمَا لَهُ مِنْهُمْ مِنْ ظَهِيرٍ
(О, Мухаммад! Мушриктерге) айткын: «Аллаһтан башка өзүңөр (кудай деп) ойлогон нерселерге дуба кылгылачы?! (Жок!) алар асмандардагы жана жердеги кыпындай нерсеге да кожоюн эмес! Алар үчүн асмандар менен жерде (кыпындай) шериктик да жок жардамчылык да жок! (Бардыгын жалгыз Аллаһтын Өзү жараткан)
وَلَا تَنْفَعُ الشَّفَاعَةُ عِنْدَهُ إِلَّا لِمَنْ أَذِنَ لَهُ ۚ حَتَّىٰ إِذَا فُزِّعَ عَنْ قُلُوبِهِمْ قَالُوا مَاذَا قَالَ رَبُّكُمْ ۖ قَالُوا الْحَقَّ ۖ وَهُوَ الْعَلِيُّ الْكَبِيرُ
Анын (Аллаһтын) алдында шапаат пайда бербейт. Бир гана Аллаһ уруксат берген адамдарга гана (пайда берет). Качан гана алардын (мушриктердин) жүрөктөрүнөн коркунуч (бир аз) кетип, (өздөрүнө келгенде): «Раббиңер эмне деди?»-дешет. «Акыйкатты (айтты)»- дешет алар.! Жана Ал - эң Жогору, Улук
قُلْ مَنْ يَرْزُقُكُمْ مِنَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ قُلِ اللَّهُ ۖ وَإِنَّا أَوْ إِيَّاكُمْ لَعَلَىٰ هُدًى أَوْ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
Айт, (о, Мухаммад): «Ким силерге асмандардан жана жерден ырыскы берет?» «Аллаһ!» деп айт. (О, Мушриктер!) Чынында, же биз, же силер (гана) Туура Жолдун үстүндө (жана экөөбүздүн бирибиз гана) анык адашуучулукта!»
قُلْ لَا تُسْأَلُونَ عَمَّا أَجْرَمْنَا وَلَا نُسْأَلُ عَمَّا تَعْمَلُونَ
Айт: «Биздин күнөөлөрүбүз үчүн силер сурак бербейсиңер, силер жасаган (жаман) иштерге биз жоопкер эмеспиз!»
قُلْ يَجْمَعُ بَيْنَنَا رَبُّنَا ثُمَّ يَفْتَحُ بَيْنَنَا بِالْحَقِّ وَهُوَ الْفَتَّاحُ الْعَلِيمُ
Айт: «Раббибиз силер менен бизди (бир жерге) чогултуп, анан ортобузда акыйкат менен өкүм кылат. Ал - Билүүчү, Өкүмдар!»

Choose other languages: