Surah Saba Ayahs #19 Translated in Kyrgyz
لَقَدْ كَانَ لِسَبَإٍ فِي مَسْكَنِهِمْ آيَةٌ ۖ جَنَّتَانِ عَنْ يَمِينٍ وَشِمَالٍ ۖ كُلُوا مِنْ رِزْقِ رَبِّكُمْ وَاشْكُرُوا لَهُ ۚ بَلْدَةٌ طَيِّبَةٌ وَرَبٌّ غَفُورٌ
Сабаалыктардын мекенинде (алар үчүн Аллаһтын нээматынын) белгиси — эки бак-бостону болгон. (Бири) оң тарабында, (бири) сол тарабында. (Биз аларга): «Раббиңердин ырыскысынан жегиле жана Ага шүгүр кылгыла! (Шаарыңар кооз-көркөм) таза шаар, (Раббиңер) кечиримдүү» (дедик)
فَأَعْرَضُوا فَأَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ سَيْلَ الْعَرِمِ وَبَدَّلْنَاهُمْ بِجَنَّتَيْهِمْ جَنَّتَيْنِ ذَوَاتَيْ أُكُلٍ خَمْطٍ وَأَثْلٍ وَشَيْءٍ مِنْ سِدْرٍ قَلِيلٍ
Алар жүз бурушту эле, Биз аларга (катуу) сел жиберип, (көгөргөн, ширин мөмөлүү) эки багын тең мөмөсү ачуу, бадалдуу жана бир аз тикенектүү дарагы бар «бактарга» айлантып койдук
ذَٰلِكَ جَزَيْنَاهُمْ بِمَا كَفَرُوا ۖ وَهَلْ نُجَازِي إِلَّا الْكَفُورَ
Бул каапырчылыктарына жараша аларды жазалаганыбыз. Биз каапыр элдерди гана жазалайбыз
وَجَعَلْنَا بَيْنَهُمْ وَبَيْنَ الْقُرَى الَّتِي بَارَكْنَا فِيهَا قُرًى ظَاهِرَةً وَقَدَّرْنَا فِيهَا السَّيْرَ ۖ سِيرُوا فِيهَا لَيَالِيَ وَأَيَّامًا آمِنِينَ
Жана Биз алар менен Өзүбүз берекеттүү кылган шаардын аралыгына (алар үчүн) көрктүү (ынтымакташкан) айылдарды тургузуп, ичине жолдорду куруп: «Ушул жолдордо түнү- күн тынчтыкта жүрө бергиле» (дегенбиз. Бирок, Сабаа урпактары ушул нээматты да билбей, Аллаһка шүгүр келтирүүнүн ордуна)
فَقَالُوا رَبَّنَا بَاعِدْ بَيْنَ أَسْفَارِنَا وَظَلَمُوا أَنْفُسَهُمْ فَجَعَلْنَاهُمْ أَحَادِيثَ وَمَزَّقْنَاهُمْ كُلَّ مُمَزَّقٍ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِكُلِّ صَبَّارٍ شَكُورٍ
«О, Рабби! Биздин сапар-жолдорубузду(н арасын) алыстатып кой»-дешти жана өздө-рүнө зулум кылышты. Кийин Биз аларды (эл оозундагы) сөздөргө айлантып, тыркыратып таштадык! Албетте, мында ар бир сабырдуу, шүгүр кылуучу адам үчүн (Биздин кудуретибизге) белгилер бар
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
