Quran Apps in many lanuages:

Surah Saba Ayahs #22 Translated in Kyrgyz

وَجَعَلْنَا بَيْنَهُمْ وَبَيْنَ الْقُرَى الَّتِي بَارَكْنَا فِيهَا قُرًى ظَاهِرَةً وَقَدَّرْنَا فِيهَا السَّيْرَ ۖ سِيرُوا فِيهَا لَيَالِيَ وَأَيَّامًا آمِنِينَ
Жана Биз алар менен Өзүбүз берекеттүү кылган шаардын аралыгына (алар үчүн) көрктүү (ынтымакташкан) айылдарды тургузуп, ичине жолдорду куруп: «Ушул жолдордо түнү- күн тынчтыкта жүрө бергиле» (дегенбиз. Бирок, Сабаа урпактары ушул нээматты да билбей, Аллаһка шүгүр келтирүүнүн ордуна)
فَقَالُوا رَبَّنَا بَاعِدْ بَيْنَ أَسْفَارِنَا وَظَلَمُوا أَنْفُسَهُمْ فَجَعَلْنَاهُمْ أَحَادِيثَ وَمَزَّقْنَاهُمْ كُلَّ مُمَزَّقٍ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِكُلِّ صَبَّارٍ شَكُورٍ
«О, Рабби! Биздин сапар-жолдорубузду(н арасын) алыстатып кой»-дешти жана өздө-рүнө зулум кылышты. Кийин Биз аларды (эл оозундагы) сөздөргө айлантып, тыркыратып таштадык! Албетте, мында ар бир сабырдуу, шүгүр кылуучу адам үчүн (Биздин кудуретибизге) белгилер бар
وَلَقَدْ صَدَّقَ عَلَيْهِمْ إِبْلِيسُ ظَنَّهُ فَاتَّبَعُوهُ إِلَّا فَرِيقًا مِنَ الْمُؤْمِنِينَ
Чынында, Иблис өзүнүн («мен инсаниятты азгырамын») деген күмөн сөзүн ушулардын үстүндө (мисалында) иш жүзүнө ашырды. Бир аз гана момундардан башка бардыгы аны ээрчип кетишти
وَمَا كَانَ لَهُ عَلَيْهِمْ مِنْ سُلْطَانٍ إِلَّا لِنَعْلَمَ مَنْ يُؤْمِنُ بِالْآخِرَةِ مِمَّنْ هُوَ مِنْهَا فِي شَكٍّ ۗ وَرَبُّكَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ حَفِيظٌ
Биз Акыретке ыйман келтирген момундарды, Акыреттен күмөн санаган адамдардан (ажыратып) билип алыш үчүн гана Иблиске алардын үстүнөн бийлик берип койдук. Сенин Раббиң бардык нерселердин үстүнөн Көзөмөлдөөчү
قُلِ ادْعُوا الَّذِينَ زَعَمْتُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ ۖ لَا يَمْلِكُونَ مِثْقَالَ ذَرَّةٍ فِي السَّمَاوَاتِ وَلَا فِي الْأَرْضِ وَمَا لَهُمْ فِيهِمَا مِنْ شِرْكٍ وَمَا لَهُ مِنْهُمْ مِنْ ظَهِيرٍ
(О, Мухаммад! Мушриктерге) айткын: «Аллаһтан башка өзүңөр (кудай деп) ойлогон нерселерге дуба кылгылачы?! (Жок!) алар асмандардагы жана жердеги кыпындай нерсеге да кожоюн эмес! Алар үчүн асмандар менен жерде (кыпындай) шериктик да жок жардамчылык да жок! (Бардыгын жалгыз Аллаһтын Өзү жараткан)

Choose other languages: