Quran Apps in many lanuages:

Surah Muhammad Ayahs #21 Translated in Kyrgyz

وَالَّذِينَ اهْتَدَوْا زَادَهُمْ هُدًى وَآتَاهُمْ تَقْوَاهُمْ
(Аллаһ) Туура Жолго түшкөн адамдардын хидаятын дагы да көбөйтөт жана аларды такыбалуу кылат
فَهَلْ يَنْظُرُونَ إِلَّا السَّاعَةَ أَنْ تَأْتِيَهُمْ بَغْتَةً ۖ فَقَدْ جَاءَ أَشْرَاطُهَا ۚ فَأَنَّىٰ لَهُمْ إِذَا جَاءَتْهُمْ ذِكْرَاهُمْ
Эми алар (мунафыктар) өздөрүнө капысынан Кыямат келип калышын башка эч нерсени күтүшпөйт. Кыяматтын (кээ бир) белгилери келип да калды! Анан эгер Кыямат келип калса, алардын эскерме-сабак алуулары кайдан мүмкүн болсун
فَاعْلَمْ أَنَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا اللَّهُ وَاسْتَغْفِرْ لِذَنْبِكَ وَلِلْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ ۗ وَاللَّهُ يَعْلَمُ مُتَقَلَّبَكُمْ وَمَثْوَاكُمْ
(О, Мухаммад!) Билгин, эч бир кудай жок, жалгыз Аллаһ бар! Өзүңдүн күнөөлөрүң үчүн жана момун эркек, момун аялдар үчүн Аллаһтан кечирим сура! Аллаһ силердин (бардык) кыймыл-аракетиңерди жана (кыймылсыз турган) ордуңарды билет
وَيَقُولُ الَّذِينَ آمَنُوا لَوْلَا نُزِّلَتْ سُورَةٌ ۖ فَإِذَا أُنْزِلَتْ سُورَةٌ مُحْكَمَةٌ وَذُكِرَ فِيهَا الْقِتَالُ ۙ رَأَيْتَ الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ يَنْظُرُونَ إِلَيْكَ نَظَرَ الْمَغْشِيِّ عَلَيْهِ مِنَ الْمَوْتِ ۖ فَأَوْلَىٰ لَهُمْ
Ыйман келтирген адамдар «(Аллаһ жолунда жихад кылуу жөнүндө тезирээк) бир сүрө түшсө экен!» дешет. Ал эми, качан гана анык бир сүрө түшүп, анда согуш (жихад) эскертилгенде, жүрөктөрү соо эмес (эки жүздүү) адамдар сени, өлүм келгенде өзүн жоготуп койгон адамдын көз карашы менен карап калганын көрөсүң. Алар үчүн ылайыгыраак эле —
طَاعَةٌ وَقَوْلٌ مَعْرُوفٌ ۚ فَإِذَا عَزَمَ الْأَمْرُ فَلَوْ صَدَقُوا اللَّهَ لَكَانَ خَيْرًا لَهُمْ
— (аятка) моюн сунуулары жана («моюн сундук» деген) жакшы сөздөр(дү айтуулары). Качан аларга (ушул сыяктуу) олуттуу бир буйрук келгенде жана (ал буйрукка дароо моюн сунуп) Аллаһты(н сөзүн) тастыктаса өздөрүнө жакшы болмок

Choose other languages: