Quran Apps in many lanuages:

Surah Muhammad Ayahs #24 Translated in Kyrgyz

وَيَقُولُ الَّذِينَ آمَنُوا لَوْلَا نُزِّلَتْ سُورَةٌ ۖ فَإِذَا أُنْزِلَتْ سُورَةٌ مُحْكَمَةٌ وَذُكِرَ فِيهَا الْقِتَالُ ۙ رَأَيْتَ الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ يَنْظُرُونَ إِلَيْكَ نَظَرَ الْمَغْشِيِّ عَلَيْهِ مِنَ الْمَوْتِ ۖ فَأَوْلَىٰ لَهُمْ
Ыйман келтирген адамдар «(Аллаһ жолунда жихад кылуу жөнүндө тезирээк) бир сүрө түшсө экен!» дешет. Ал эми, качан гана анык бир сүрө түшүп, анда согуш (жихад) эскертилгенде, жүрөктөрү соо эмес (эки жүздүү) адамдар сени, өлүм келгенде өзүн жоготуп койгон адамдын көз карашы менен карап калганын көрөсүң. Алар үчүн ылайыгыраак эле —
طَاعَةٌ وَقَوْلٌ مَعْرُوفٌ ۚ فَإِذَا عَزَمَ الْأَمْرُ فَلَوْ صَدَقُوا اللَّهَ لَكَانَ خَيْرًا لَهُمْ
— (аятка) моюн сунуулары жана («моюн сундук» деген) жакшы сөздөр(дү айтуулары). Качан аларга (ушул сыяктуу) олуттуу бир буйрук келгенде жана (ал буйрукка дароо моюн сунуп) Аллаһты(н сөзүн) тастыктаса өздөрүнө жакшы болмок
فَهَلْ عَسَيْتُمْ إِنْ تَوَلَّيْتُمْ أَنْ تُفْسِدُوا فِي الْأَرْضِ وَتُقَطِّعُوا أَرْحَامَكُمْ
Эгер (Аллаһтын өкүмүнөн) жүз бурсаңар жер бетинде бузукулук иштерди жасашыңар жана (өз ара) тууган-урукчулугуңарды үзүп жиберишиңер мүмкүн
أُولَٰئِكَ الَّذِينَ لَعَنَهُمُ اللَّهُ فَأَصَمَّهُمْ وَأَعْمَىٰ أَبْصَارَهُمْ
Андай адамдарга Аллаһ наалат айтып, кулактарын дүлөй, көздөрүн сокур кылат
أَفَلَا يَتَدَبَّرُونَ الْقُرْآنَ أَمْ عَلَىٰ قُلُوبٍ أَقْفَالُهَا
Алар Кураан жөнүндө ойлонушпайбы? Же жүрөктөрүндө кулпу барбы

Choose other languages: