Quran Apps in many lanuages:

Surah Maryam Ayahs #69 Translated in Kyrgyz

رَبُّ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ وَمَا بَيْنَهُمَا فَاعْبُدْهُ وَاصْطَبِرْ لِعِبَادَتِهِ ۚ هَلْ تَعْلَمُ لَهُ سَمِيًّا
(Сенин Раббиң) асмандардын, жердин жана ал экөөсүнүн ортосундагылардын Раббиси! Демек, Анын Өзүнө гана ибадат кыл жана Анын ибадатына өзүңдү сабырдуулук менен көндүр! (Же) сен ага ысымында бир теңдеш бар экенин билесиңби?!»
وَيَقُولُ الْإِنْسَانُ أَإِذَا مَا مِتُّ لَسَوْفَ أُخْرَجُ حَيًّا
(Каапыр) инсан: «Эгер, мен өлсөм, жакында (кайрадан) тирүү бойдон (мүрзөмдөн) чыгарылат бекенмин?!»- дейт
أَوَلَا يَذْكُرُ الْإِنْسَانُ أَنَّا خَلَقْنَاهُ مِنْ قَبْلُ وَلَمْ يَكُ شَيْئًا
(Ошол) инсан ойлобойбу, Биз аны мындан мурун эч нерсе эмес (жок) болгон кезде жараткан элек
فَوَرَبِّكَ لَنَحْشُرَنَّهُمْ وَالشَّيَاطِينَ ثُمَّ لَنُحْضِرَنَّهُمْ حَوْلَ جَهَنَّمَ جِثِيًّا
(О, Мухаммад) Раббиңе ант, Биз албетте, аларды жана шайтандарды (Кыяматтагы майданга) чогултуп, Тозоктун тегерегине чөгөлөтүп койобуз
ثُمَّ لَنَنْزِعَنَّ مِنْ كُلِّ شِيعَةٍ أَيُّهُمْ أَشَدُّ عَلَى الرَّحْمَٰنِ عِتِيًّا
Кийин (каапырлардын) ар бир жамаатынын арасынан Рахманга аша чапкан күнөөлүүлөрдү сууруп чыгабыз (жана Тозокко биринчи ошолорду таштайбыз)

Choose other languages: