Quran Apps in many lanuages:

Surah Maryam Ayahs #72 Translated in Kyrgyz

فَوَرَبِّكَ لَنَحْشُرَنَّهُمْ وَالشَّيَاطِينَ ثُمَّ لَنُحْضِرَنَّهُمْ حَوْلَ جَهَنَّمَ جِثِيًّا
(О, Мухаммад) Раббиңе ант, Биз албетте, аларды жана шайтандарды (Кыяматтагы майданга) чогултуп, Тозоктун тегерегине чөгөлөтүп койобуз
ثُمَّ لَنَنْزِعَنَّ مِنْ كُلِّ شِيعَةٍ أَيُّهُمْ أَشَدُّ عَلَى الرَّحْمَٰنِ عِتِيًّا
Кийин (каапырлардын) ар бир жамаатынын арасынан Рахманга аша чапкан күнөөлүүлөрдү сууруп чыгабыз (жана Тозокко биринчи ошолорду таштайбыз)
ثُمَّ لَنَحْنُ أَعْلَمُ بِالَّذِينَ هُمْ أَوْلَىٰ بِهَا صِلِيًّا
Анан Тозокко ким (биринчи) ылайыгыраак экенин Өзүбүз жакшы билебиз
وَإِنْ مِنْكُمْ إِلَّا وَارِدُهَا ۚ كَانَ عَلَىٰ رَبِّكَ حَتْمًا مَقْضِيًّا
Силерден (Акыретке чогулган адамдардан) бардыгыңар тозокко келүүчүсүңөр. (Бул) Раббиңдин каалоосу боюнча анык өкүм кылынган иш
ثُمَّ نُنَجِّي الَّذِينَ اتَّقَوْا وَنَذَرُ الظَّالِمِينَ فِيهَا جِثِيًّا
Андан соң Аллаһтан корккон (такыба) кишилерди куткарып, заалым (каапыр)ларды чөгөлөгөн абалда Тозокто калтырабыз

Choose other languages: