Quran Apps in many lanuages:

Surah Maryam Ayahs #74 Translated in Kyrgyz

ثُمَّ لَنَحْنُ أَعْلَمُ بِالَّذِينَ هُمْ أَوْلَىٰ بِهَا صِلِيًّا
Анан Тозокко ким (биринчи) ылайыгыраак экенин Өзүбүз жакшы билебиз
وَإِنْ مِنْكُمْ إِلَّا وَارِدُهَا ۚ كَانَ عَلَىٰ رَبِّكَ حَتْمًا مَقْضِيًّا
Силерден (Акыретке чогулган адамдардан) бардыгыңар тозокко келүүчүсүңөр. (Бул) Раббиңдин каалоосу боюнча анык өкүм кылынган иш
ثُمَّ نُنَجِّي الَّذِينَ اتَّقَوْا وَنَذَرُ الظَّالِمِينَ فِيهَا جِثِيًّا
Андан соң Аллаһтан корккон (такыба) кишилерди куткарып, заалым (каапыр)ларды чөгөлөгөн абалда Тозокто калтырабыз
وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ آيَاتُنَا بَيِّنَاتٍ قَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِلَّذِينَ آمَنُوا أَيُّ الْفَرِيقَيْنِ خَيْرٌ مَقَامًا وَأَحْسَنُ نَدِيًّا
Жана качан аларга Биздин анык аяттарыбыз окулган кезде, каапыр адамдар ыймандууларга: «Кайсы жамааттын даражасы жана мажилистери жакшыраак? (силердикиби же биздикиби?)» дешет
وَكَمْ أَهْلَكْنَا قَبْلَهُمْ مِنْ قَرْنٍ هُمْ أَحْسَنُ أَثَاثًا وَرِئْيًا
Биз аларга чейин дүйнө-мүлкү жана келбет-сөөлөтү булардыкынан жакшыраак болгон нечендеген муундарды кыйратып таштаганбыз

Choose other languages: