Quran Apps in many lanuages:

Surah Maryam Ayahs #58 Translated in Kyrgyz

وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ إِسْمَاعِيلَ ۚ إِنَّهُ كَانَ صَادِقَ الْوَعْدِ وَكَانَ رَسُولًا نَبِيًّا
Китепте Ысмайылды да эстегин. Ал убадасына бекем элчи-пайгамбар эле
وَكَانَ يَأْمُرُ أَهْلَهُ بِالصَّلَاةِ وَالزَّكَاةِ وَكَانَ عِنْدَ رَبِّهِ مَرْضِيًّا
Ал үй-бүлөсүн (жана элин) намазга, зекетке буюрган жана Раббисинин алдында Анын ыраазычылыгына ээ болгон адам
وَاذْكُرْ فِي الْكِتَابِ إِدْرِيسَ ۚ إِنَّهُ كَانَ صِدِّيقًا نَبِيًّا
Китепте Идристи да эсиңе ал. Ал чынчыл пайгамбар болгон
وَرَفَعْنَاهُ مَكَانًا عَلِيًّا
Биз аны жогорку мартабага көтөрдүк
أُولَٰئِكَ الَّذِينَ أَنْعَمَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ مِنَ النَّبِيِّينَ مِنْ ذُرِّيَّةِ آدَمَ وَمِمَّنْ حَمَلْنَا مَعَ نُوحٍ وَمِنْ ذُرِّيَّةِ إِبْرَاهِيمَ وَإِسْرَائِيلَ وَمِمَّنْ هَدَيْنَا وَاجْتَبَيْنَا ۚ إِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ آيَاتُ الرَّحْمَٰنِ خَرُّوا سُجَّدًا وَبُكِيًّا ۩
Ушулар Аллаһ нээмат берген пайгамбарлар. Алар(дан кээ бирөөлөрү) Адам (алейхис-салам) дан. (Башкалары) Нух менен бирге деңизге көтөргөн адамдардан, (дагы бирөөлөрү) Ибрахим менен Исрайилдин (Яькубдун) урпактарынан жана Биз тандап алып, Туура Жолго баштаган (башка) кишилерден тарагандар. Эгер аларга Рахмандын аяттары окулчу болсо, ыйлап, сажда кылып жерге жыгылышат

Choose other languages: