Quran Apps in many lanuages:

Surah Ibrahim Ayahs #28 Translated in Kyrgyz

أَلَمْ تَرَ كَيْفَ ضَرَبَ اللَّهُ مَثَلًا كَلِمَةً طَيِّبَةً كَشَجَرَةٍ طَيِّبَةٍ أَصْلُهَا ثَابِتٌ وَفَرْعُهَا فِي السَّمَاءِ
(О, инсан), Аллаһ таза сөздү (ыйман келмесин) таза даракка (курмага) окшотуп мисал келтиргенин карабайсыңбы. Ал дарактын тамыры (жер койнунда) бекем, бутактары болсо, асманда
تُؤْتِي أُكُلَهَا كُلَّ حِينٍ بِإِذْنِ رَبِّهَا ۗ وَيَضْرِبُ اللَّهُ الْأَمْثَالَ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ
Раббисинин уруксаты менен ар кайсы мезгилде мөмөсүн бере берет. Аллаһ адамдарга, эс-акылын жыйып алуулары үчүн (ушундай) мисалдарды келтирет
وَمَثَلُ كَلِمَةٍ خَبِيثَةٍ كَشَجَرَةٍ خَبِيثَةٍ اجْتُثَّتْ مِنْ فَوْقِ الْأَرْضِ مَا لَهَا مِنْ قَرَارٍ
Ыпылас сөздүн (каапырчылыктын) мисалы - жерден үзүлүп, бекемдиги жок калган ыпылас (мөмөлүү) даракка окшош
يُثَبِّتُ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا بِالْقَوْلِ الثَّابِتِ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَفِي الْآخِرَةِ ۖ وَيُضِلُّ اللَّهُ الظَّالِمِينَ ۚ وَيَفْعَلُ اللَّهُ مَا يَشَاءُ
Аллаһ ыймандуу адамдарды дүйнө жашоосунда да, Акыретте да бекем сөз менен кубаттайт.! Заалымдарды болсо, Аллаһ адаштырат. Аллаһ каалаган нерсесин жасайт
أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ بَدَّلُوا نِعْمَتَ اللَّهِ كُفْرًا وَأَحَلُّوا قَوْمَهُمْ دَارَ الْبَوَارِ
(О, инсан!) Аллаһ берген нээматты (Исламды) каапырчылыкка алмаштырып, эл-журтун өлүм үйүнө —

Choose other languages: