Surah Ibrahim Ayahs #26 Translated in Kyrgyz
وَقَالَ الشَّيْطَانُ لَمَّا قُضِيَ الْأَمْرُ إِنَّ اللَّهَ وَعَدَكُمْ وَعْدَ الْحَقِّ وَوَعَدْتُكُمْ فَأَخْلَفْتُكُمْ ۖ وَمَا كَانَ لِيَ عَلَيْكُمْ مِنْ سُلْطَانٍ إِلَّا أَنْ دَعَوْتُكُمْ فَاسْتَجَبْتُمْ لِي ۖ فَلَا تَلُومُونِي وَلُومُوا أَنْفُسَكُمْ ۖ مَا أَنَا بِمُصْرِخِكُمْ وَمَا أَنْتُمْ بِمُصْرِخِيَّ ۖ إِنِّي كَفَرْتُ بِمَا أَشْرَكْتُمُونِ مِنْ قَبْلُ ۗ إِنَّ الظَّالِمِينَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
Иш чечилип, (тозокулар — тозокко, бейишилер — бейишке ажырап) калганда шайтан айтат: «Аллаһ силерге чын убада берген болчу.! Мен дагы силерге убада берип... аткарбай койдум.* Силерге (көргөзгүдөй) менин эч бир далилим жок эле. Болгону, мен чакырдым, силер чуркап келдиңер. Эми, мени эмес, өзүңөрдү айыптагыла. (Бүгүн башка түшкөн азаптан) мен силерди куткара албаймын. Силер да мени куткара албайсыңар. Бирок, мурун (дүйнө жашоосунда) мени (Аллаһка) шерик кылганыңарды мен да мойнума албаймын (мен кудай эмесмин, Кудайдын шериги да эмесмин) Чынында, (бул жерде мен жана силерге окшогон) заалымдарга кыйноочу азап бар»
وَأُدْخِلَ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا بِإِذْنِ رَبِّهِمْ ۖ تَحِيَّتُهُمْ فِيهَا سَلَامٌ
Ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдар түбүнөн дарыялар аккан бейиштерге киргизилет. (Алар) анда Раббисинин уруксаты менен түбөлүк калышат. Алардын Бейиштеги учурашуулары «салам» (деген сөз) болот
أَلَمْ تَرَ كَيْفَ ضَرَبَ اللَّهُ مَثَلًا كَلِمَةً طَيِّبَةً كَشَجَرَةٍ طَيِّبَةٍ أَصْلُهَا ثَابِتٌ وَفَرْعُهَا فِي السَّمَاءِ
(О, инсан), Аллаһ таза сөздү (ыйман келмесин) таза даракка (курмага) окшотуп мисал келтиргенин карабайсыңбы. Ал дарактын тамыры (жер койнунда) бекем, бутактары болсо, асманда
تُؤْتِي أُكُلَهَا كُلَّ حِينٍ بِإِذْنِ رَبِّهَا ۗ وَيَضْرِبُ اللَّهُ الْأَمْثَالَ لِلنَّاسِ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ
Раббисинин уруксаты менен ар кайсы мезгилде мөмөсүн бере берет. Аллаһ адамдарга, эс-акылын жыйып алуулары үчүн (ушундай) мисалдарды келтирет
وَمَثَلُ كَلِمَةٍ خَبِيثَةٍ كَشَجَرَةٍ خَبِيثَةٍ اجْتُثَّتْ مِنْ فَوْقِ الْأَرْضِ مَا لَهَا مِنْ قَرَارٍ
Ыпылас сөздүн (каапырчылыктын) мисалы - жерден үзүлүп, бекемдиги жок калган ыпылас (мөмөлүү) даракка окшош
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
