Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #53 Translated in Kyrgyz

وَقَالَ الَّذِينَ فِي النَّارِ لِخَزَنَةِ جَهَنَّمَ ادْعُوا رَبَّكُمْ يُخَفِّفْ عَنَّا يَوْمًا مِنَ الْعَذَابِ
Анан тозоктогулар тозок кароолчусуна: «Раббиңерден сурагыла, бизден бир күн (болсо да) азапты жеңилдетсин?!» дешти
قَالُوا أَوَلَمْ تَكُ تَأْتِيكُمْ رُسُلُكُمْ بِالْبَيِّنَاتِ ۖ قَالُوا بَلَىٰ ۚ قَالُوا فَادْعُوا ۗ وَمَا دُعَاءُ الْكَافِرِينَ إِلَّا فِي ضَلَالٍ
(Тозок кароолчулары) айтышты: «Силерге пайгамбарыңар (ушул күндөрдү эскерткен) анык далилдар менен келбеди беле?!». «Жок, келген» (дешти тозоктогулар. Анда тозок периштелери): «Өзүңөр сурагыла! Бирок каапырлардын дуба-тилектери текке кетет!»-дешти
إِنَّا لَنَنْصُرُ رُسُلَنَا وَالَّذِينَ آمَنُوا فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا وَيَوْمَ يَقُومُ الْأَشْهَادُ
Чынында Биз пайгамбаларыбызга жана ыймандуу пенделерге, дүйнө жашоосунда да, күбөлөр (даяр болуп) турган (Кыямат) күндө да анык жардам беребиз
يَوْمَ لَا يَنْفَعُ الظَّالِمِينَ مَعْذِرَتُهُمْ ۖ وَلَهُمُ اللَّعْنَةُ وَلَهُمْ سُوءُ الدَّارِ
Ал Күндө заалым пенделерге шылтоолору пайда бербейт! Аларга наалат жана эң жаман орун (тозок) бар
وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْهُدَىٰ وَأَوْرَثْنَا بَنِي إِسْرَائِيلَ الْكِتَابَ
Биз Мусага Хидаят-Туура Жол бердик жана (ага түшүргөн) китепке Исрайил урпактарын мураскор кылып койдук

Choose other languages: