Quran Apps in many lanuages:

Surah Ghafir Ayahs #40 Translated in Kyrgyz

وَقَالَ فِرْعَوْنُ يَا هَامَانُ ابْنِ لِي صَرْحًا لَعَلِّي أَبْلُغُ الْأَسْبَابَ
Анда Фираун айтты: «О, Хааман! Мага (бийик) мунара кургунуң! Ажеп эмес мен жолдорго жетип барсам
أَسْبَابَ السَّمَاوَاتِ فَأَطَّلِعَ إِلَىٰ إِلَٰهِ مُوسَىٰ وَإِنِّي لَأَظُنُّهُ كَاذِبًا ۚ وَكَذَٰلِكَ زُيِّنَ لِفِرْعَوْنَ سُوءُ عَمَلِهِ وَصُدَّ عَنِ السَّبِيلِ ۚ وَمَا كَيْدُ فِرْعَوْنَ إِلَّا فِي تَبَابٍ
Асмандардын жолдоруна! Анан Мусанын кудайын (өз көзүм менен) көрөйүн. Мен ойлойм, ал (Муса) жалганчы болуш керек». Ошентип, Фираунга (шайтан тарабынан) өз ишинин жамандыгы кооз көргөзүлдү жана (Туура) Жолдон тосуп коюлду. Фираундун (бул) амалкөйлүгү чынында пайда бербеди
وَقَالَ الَّذِي آمَنَ يَا قَوْمِ اتَّبِعُونِ أَهْدِكُمْ سَبِيلَ الرَّشَادِ
Ыйман келтирген адам айтты: « О, коомум! Мени ээрчигиле! Мен силерди (Мусанын дини менен) Туура Жолго баштайын
يَا قَوْمِ إِنَّمَا هَٰذِهِ الْحَيَاةُ الدُّنْيَا مَتَاعٌ وَإِنَّ الْآخِرَةَ هِيَ دَارُ الْقَرَارِ
О,коомум! Чынында бул дүйнө жашоосу (убактылуу гана) пайдалануу! Чыныгы (түбөлүк жашоочу) орун-бул Акырет
مَنْ عَمِلَ سَيِّئَةً فَلَا يُجْزَىٰ إِلَّا مِثْلَهَا ۖ وَمَنْ عَمِلَ صَالِحًا مِنْ ذَكَرٍ أَوْ أُنْثَىٰ وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَأُولَٰئِكَ يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ يُرْزَقُونَ فِيهَا بِغَيْرِ حِسَابٍ
Ким бир күнөө иш жасаса, ошол ишине жараша гана жаза алат. Ал эми, эркек же болбосо аялдардан кимиси ыймандуу болуп, бир сооптуу иш жасаса Бейишке кирет (жана) анда (ага) эсепсиз ырыскы берилет

Choose other languages: