Quran Apps in many lanuages:

Surah Fatir Ayahs #7 Translated in Kyrgyz

يَا أَيُّهَا النَّاسُ اذْكُرُوا نِعْمَتَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ ۚ هَلْ مِنْ خَالِقٍ غَيْرُ اللَّهِ يَرْزُقُكُمْ مِنَ السَّمَاءِ وَالْأَرْضِ ۚ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ فَأَنَّىٰ تُؤْفَكُونَ
О,адамдар! Аллаһтын берген нээматын (көп) эстегиле! (Антпегенде) силерге асман-жерден ырыскы берген Аллаһтан башка Жаратуучу бар беле? Эч бир кудай жок, бир Өзү бар: (Өзүнө ибадат кылбай) дагы кайда бурулуп баратасыңар
وَإِنْ يُكَذِّبُوكَ فَقَدْ كُذِّبَتْ رُسُلٌ مِنْ قَبْلِكَ ۚ وَإِلَى اللَّهِ تُرْجَعُ الْأُمُورُ
(О, Мухаммад!) Эгер (элиң) сени «жалганчы» деген болсо, сенден мурунку пайгамбарлар деле жалганчыга чыгарылган. Бардык иштер Аллаһка кайтат
يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ ۖ فَلَا تَغُرَّنَّكُمُ الْحَيَاةُ الدُّنْيَا ۖ وَلَا يَغُرَّنَّكُمْ بِاللَّهِ الْغَرُورُ
О,адамдар Албетте, Аллаһтын убадасы акыйкат. Силерди дүйнө(нүн кооз-жылтырак) жашоосу азгырып койбосун! Дагы силерди жалганчы (шайтан)! Аллахтан азгырбасын
إِنَّ الشَّيْطَانَ لَكُمْ عَدُوٌّ فَاتَّخِذُوهُ عَدُوًّا ۚ إِنَّمَا يَدْعُو حِزْبَهُ لِيَكُونُوا مِنْ أَصْحَابِ السَّعِيرِ
Чынында, шайтан силерге (түбөлүк) душман! Аны (дайым) душман туткула! Чынында ал өзү(нө ээрчиген) жамаатты тозок элдеринен болууга чакырат
الَّذِينَ كَفَرُوا لَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدٌ ۖ وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَأَجْرٌ كَبِيرٌ
Каапыр адамдар үчүн (Кыяматта) катуу азап бар. Ал эми, ыйман келтирип, салих амалдарды жасагандарга (Аллаһ тарабынан) кечирим жана улук сооп бар

Choose other languages: