Quran Apps in many lanuages:

Surah Fatir Ayahs #14 Translated in Kyrgyz

مَنْ كَانَ يُرِيدُ الْعِزَّةَ فَلِلَّهِ الْعِزَّةُ جَمِيعًا ۚ إِلَيْهِ يَصْعَدُ الْكَلِمُ الطَّيِّبُ وَالْعَمَلُ الصَّالِحُ يَرْفَعُهُ ۚ وَالَّذِينَ يَمْكُرُونَ السَّيِّئَاتِ لَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدٌ ۖ وَمَكْرُ أُولَٰئِكَ هُوَ يَبُورُ
Ким урматтуу болууну кааласа (билип алсын:) Бардык урмат-сый Аллаһка таандык.! Таза-пакиза сөздөр Анын Өзүнө көтөрүлөт. Салих амалды дагы Өзү көтөрүп алат. Күнөө иштерди айлакерлик менен жасагандарга катуу азап бар! Алардын айлакерликтери текке кетет
وَاللَّهُ خَلَقَكُمْ مِنْ تُرَابٍ ثُمَّ مِنْ نُطْفَةٍ ثُمَّ جَعَلَكُمْ أَزْوَاجًا ۚ وَمَا تَحْمِلُ مِنْ أُنْثَىٰ وَلَا تَضَعُ إِلَّا بِعِلْمِهِ ۚ وَمَا يُعَمَّرُ مِنْ مُعَمَّرٍ وَلَا يُنْقَصُ مِنْ عُمُرِهِ إِلَّا فِي كِتَابٍ ۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرٌ
(О, инсандар) Аллаһ силерди (алгач ирет) топурактан, андан кийин бел суудан жаратты. Кийин (жетилген курагыңарда) силерди жуп-жубайлар кылды. Ургаачылардын боюна эмне бүтүп, эмне төрөгөнүн Ал билип турат. Жана жашоочунун канчалык өмүр сүрөөрү жана өмүрүнөн канчасы кыскараары (Аллаһтын алдындагы) Китепте бар, Албетте, бул Аллаһ үчүн жеңил
وَمَا يَسْتَوِي الْبَحْرَانِ هَٰذَا عَذْبٌ فُرَاتٌ سَائِغٌ شَرَابُهُ وَهَٰذَا مِلْحٌ أُجَاجٌ ۖ وَمِنْ كُلٍّ تَأْكُلُونَ لَحْمًا طَرِيًّا وَتَسْتَخْرِجُونَ حِلْيَةً تَلْبَسُونَهَا ۖ وَتَرَى الْفُلْكَ فِيهِ مَوَاخِرَ لِتَبْتَغُوا مِنْ فَضْلِهِ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
Дарыя менен деңиз тең эмес. Мунусу ширин-таттуу, аны ичүү жагымдуу. Тигиниси ачуу-туздуу. Экөөсүнөн тең силер таза-жаңы эт жейсиңер. Жана (деңизден) өзүңөр тагына турган зыйнат(таш)тарды чыгарып аласыңар. Жана силер анда (толкундарды) жарып (сүзүп) бара жаткан кемени көрөсүңөр. (Бул) Аллаһтын пазилетин (ырыскысын) издешиңер үчүн (бир себеп). Кана эми шүгүр кылсаңар
يُولِجُ اللَّيْلَ فِي النَّهَارِ وَيُولِجُ النَّهَارَ فِي اللَّيْلِ وَسَخَّرَ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ كُلٌّ يَجْرِي لِأَجَلٍ مُسَمًّى ۚ ذَٰلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمْ لَهُ الْمُلْكُ ۚ وَالَّذِينَ تَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ مَا يَمْلِكُونَ مِنْ قِطْمِيرٍ
(Аллаһ) түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизет. Жана Күн менен Айды силерге моюн сундуруп (кызматчы кылып) койду. Ар бири белгиленген убакытка чейин (асманда) жүрө берет. Ушул Аллаһ — Раббиңер. (Бардык) мүлк жеке Өзүнүн колунда. (О, мушриктер!) Андан башка силер дуба кылып жаткан «кудайларыңар» чел кабыктай нерсеге да ээ эмес
إِنْ تَدْعُوهُمْ لَا يَسْمَعُوا دُعَاءَكُمْ وَلَوْ سَمِعُوا مَا اسْتَجَابُوا لَكُمْ ۖ وَيَوْمَ الْقِيَامَةِ يَكْفُرُونَ بِشِرْكِكُمْ ۚ وَلَا يُنَبِّئُكَ مِثْلُ خَبِيرٍ
Эгер аларга дуба кылсаңар, дубаңарды укпайт. Эгер (кыялыңарда) укса да, силерге жооп бере алмак эмес. (Ошондуктан), Кыямат Күнү аларды (Аллаһка) шерик кылганыңарга нараазы болушат. (Оо, Мухаммад!) Эч ким сага Кабардар (Аллаһ) сыяктуу кабар бере албайт

Choose other languages: