Quran Apps in many lanuages:

Surah Az-Zamar Ayahs #37 Translated in Kyrgyz

وَالَّذِي جَاءَ بِالصِّدْقِ وَصَدَّقَ بِهِ ۙ أُولَٰئِكَ هُمُ الْمُتَّقُونَ
Ал эми, Чын Сөздү алып келген адам менен аны тастыктаган адам(дар).., Дал ошолор гана такыба пенделер
لَهُمْ مَا يَشَاءُونَ عِنْدَ رَبِّهِمْ ۚ ذَٰلِكَ جَزَاءُ الْمُحْسِنِينَ
Аларга Раббисинин алдында (Бейиште) көңүлү көксөгөн нерселер бар. Бул - жакшы амал кылгандардын сыйлыгы
لِيُكَفِّرَ اللَّهُ عَنْهُمْ أَسْوَأَ الَّذِي عَمِلُوا وَيَجْزِيَهُمْ أَجْرَهُمْ بِأَحْسَنِ الَّذِي كَانُوا يَعْمَلُونَ
Андыктан, Аллаһ алардын жаман (күнөө) иштерин өчүрүп, жасаган жакшы иштерине жараша сыйлык берет
أَلَيْسَ اللَّهُ بِكَافٍ عَبْدَهُ ۖ وَيُخَوِّفُونَكَ بِالَّذِينَ مِنْ دُونِهِ ۚ وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ هَادٍ
Пендесине Аллаһтын Өзү жетиштүү эмеспи? (О, Мухаммад!) Алар сени Аллаһтан башкасы менен коркутушат. Аллаһ кимди адаштырып койсо, аны эч ким Туура Жолго баштай албайт
وَمَنْ يَهْدِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ مُضِلٍّ ۗ أَلَيْسَ اللَّهُ بِعَزِيزٍ ذِي انْتِقَامٍ
Ал эми, Аллаһ кимди Туура Жолго баштаган болсо, аны эч ким адаштыра албайт. Аллаһ Кудуреттүү, (мушриктерден) өч алуучу эмеспи

Choose other languages: