Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #86 Translated in Kyrgyz

فَلْيَضْحَكُوا قَلِيلًا وَلْيَبْكُوا كَثِيرًا جَزَاءً بِمَا كَانُوا يَكْسِبُونَ
(Алар бул дүйнөдө аз ыйлап, көп күлгөн болчу. Эми, Аллаһтын жазасына кабылганда) кылмыштарына жараша азыраак күлүп, көбүрөөк ыйлашсын
فَإِنْ رَجَعَكَ اللَّهُ إِلَىٰ طَائِفَةٍ مِنْهُمْ فَاسْتَأْذَنُوكَ لِلْخُرُوجِ فَقُلْ لَنْ تَخْرُجُوا مَعِيَ أَبَدًا وَلَنْ تُقَاتِلُوا مَعِيَ عَدُوًّا ۖ إِنَّكُمْ رَضِيتُمْ بِالْقُعُودِ أَوَّلَ مَرَّةٍ فَاقْعُدُوا مَعَ الْخَالِفِينَ
Эгер Аллаһ сени (Табук согушунан себепсиз калган жана мунусуна өкүнбөгөн) тайпага кайра жолуктурса, жана алар сенден (мындан башка, жеңилирээк) согушка чыгууга уруксат сурашса, айткын: “Эми, мени менен эч качан чыкпайсыңар. Мени менен бирге эч бир душманга каршы согушпайсыңар! Силер биринчи жолкусунда (үйдө) отурууну жактыргансыңар! Эми, калуучулар (аялдар жана жаш балдар) менен отура бергиле
وَلَا تُصَلِّ عَلَىٰ أَحَدٍ مِنْهُمْ مَاتَ أَبَدًا وَلَا تَقُمْ عَلَىٰ قَبْرِهِ ۖ إِنَّهُمْ كَفَرُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَمَاتُوا وَهُمْ فَاسِقُونَ
Эгер алардан бирөөсү өлсө, ага эч качан жаназа түшүрбө жана мүрзөсүнүн үстүндө (дуба кылып) турба! (Себеби) алар Аллаһ жана пайгамбарына каапыр болушуп, бузуку бойдон өлүштү
وَلَا تُعْجِبْكَ أَمْوَالُهُمْ وَأَوْلَادُهُمْ ۚ إِنَّمَا يُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُعَذِّبَهُمْ بِهَا فِي الدُّنْيَا وَتَزْهَقَ أَنْفُسُهُمْ وَهُمْ كَافِرُونَ
Сени алардын дүйнө-мүлктөрү жана балдары (балдарынын көптүгү) кызыктырбасын! Аллаһ аларды бул дүйнөдө ошол (байлык) менен азаптоону жана каапыр бойдон өлүп кетүүсүн каалады
وَإِذَا أُنْزِلَتْ سُورَةٌ أَنْ آمِنُوا بِاللَّهِ وَجَاهِدُوا مَعَ رَسُولِهِ اسْتَأْذَنَكَ أُولُو الطَّوْلِ مِنْهُمْ وَقَالُوا ذَرْنَا نَكُنْ مَعَ الْقَاعِدِينَ
Качан: “Аллаһка ыйман келтиргиле, жана пайгамбары менен бирге жихад кылгыла!” деген сүрө түшсө, алардын арасындагы (согуштан калууга эч кандай шылтоо-себеби жок) бай адамдар: “(О, Мухаммад) бизди жөн эле койчу. (Үйдө) отуруучулар менен эле бололучу?” - дешип сенден уруксат сурашат

Choose other languages: