Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #88 Translated in Kyrgyz

وَلَا تُصَلِّ عَلَىٰ أَحَدٍ مِنْهُمْ مَاتَ أَبَدًا وَلَا تَقُمْ عَلَىٰ قَبْرِهِ ۖ إِنَّهُمْ كَفَرُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَمَاتُوا وَهُمْ فَاسِقُونَ
Эгер алардан бирөөсү өлсө, ага эч качан жаназа түшүрбө жана мүрзөсүнүн үстүндө (дуба кылып) турба! (Себеби) алар Аллаһ жана пайгамбарына каапыр болушуп, бузуку бойдон өлүштү
وَلَا تُعْجِبْكَ أَمْوَالُهُمْ وَأَوْلَادُهُمْ ۚ إِنَّمَا يُرِيدُ اللَّهُ أَنْ يُعَذِّبَهُمْ بِهَا فِي الدُّنْيَا وَتَزْهَقَ أَنْفُسُهُمْ وَهُمْ كَافِرُونَ
Сени алардын дүйнө-мүлктөрү жана балдары (балдарынын көптүгү) кызыктырбасын! Аллаһ аларды бул дүйнөдө ошол (байлык) менен азаптоону жана каапыр бойдон өлүп кетүүсүн каалады
وَإِذَا أُنْزِلَتْ سُورَةٌ أَنْ آمِنُوا بِاللَّهِ وَجَاهِدُوا مَعَ رَسُولِهِ اسْتَأْذَنَكَ أُولُو الطَّوْلِ مِنْهُمْ وَقَالُوا ذَرْنَا نَكُنْ مَعَ الْقَاعِدِينَ
Качан: “Аллаһка ыйман келтиргиле, жана пайгамбары менен бирге жихад кылгыла!” деген сүрө түшсө, алардын арасындагы (согуштан калууга эч кандай шылтоо-себеби жок) бай адамдар: “(О, Мухаммад) бизди жөн эле койчу. (Үйдө) отуруучулар менен эле бололучу?” - дешип сенден уруксат сурашат
رَضُوا بِأَنْ يَكُونُوا مَعَ الْخَوَالِفِ وَطُبِعَ عَلَىٰ قُلُوبِهِمْ فَهُمْ لَا يَفْقَهُونَ
Алар калуучулар (аялдар, жаш балдар) менен болууга ыраазы болушту. (Натыйжада) жүрөктөрүнө мөөр уруп коюлду. Эми алар (өздөрүнө эмне пайда, эмне зыян экенин) түшүнө алышпайт
لَٰكِنِ الرَّسُولُ وَالَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ جَاهَدُوا بِأَمْوَالِهِمْ وَأَنْفُسِهِمْ ۚ وَأُولَٰئِكَ لَهُمُ الْخَيْرَاتُ ۖ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ
Бирок, пайгамбар жана аны менен бирге болгон момундар, малдары жана жандары менен жихад кылышты. Бардык жакшылыктар ошолорго! Жана алар (Тозоктон) кутулгандар

Choose other languages: