Surah At-Tawba Ayahs #10 Translated in Kyrgyz
وَإِنْ أَحَدٌ مِنَ الْمُشْرِكِينَ اسْتَجَارَكَ فَأَجِرْهُ حَتَّىٰ يَسْمَعَ كَلَامَ اللَّهِ ثُمَّ أَبْلِغْهُ مَأْمَنَهُ ۚ ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ قَوْمٌ لَا يَعْلَمُونَ
Эгер мушриктердин бири сенден (Аллаһтын сөзүн угуп, Ислам менен таанышуу үчүн) коргоо-кепилдик сураса, аны — Аллаһтын Сөзүн укканга чейин — өз кепилдигиңе ал. Андан соң аны өзүнүн тынч мекенине жеткирип кой. Бул (өкүм) алардын билимсиз коом болгону (жана Исламды таанып-билип алуусуна шарт жаратып берүү) үчүн
كَيْفَ يَكُونُ لِلْمُشْرِكِينَ عَهْدٌ عِنْدَ اللَّهِ وَعِنْدَ رَسُولِهِ إِلَّا الَّذِينَ عَاهَدْتُمْ عِنْدَ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ ۖ فَمَا اسْتَقَامُوا لَكُمْ فَاسْتَقِيمُوا لَهُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُتَّقِينَ
(Алэми, убадасын сактабаган) мушриктерге кантип, Аллаһ жана Анын пайгамбары тарабынан убада болсун?! Эми, Масжид аль-Харамдын астында убадалашкан кишилер үчүн гана (ошол Ыйык Үйдүн урматына убадаңарды сактагыла) Качан силер үчүн (берген келишиминде) түз турушса, силер дагы түз тургула. Албетте, Аллаһ (Өзүнөн) корккон (такыба) адамдарды сүйөт
كَيْفَ وَإِنْ يَظْهَرُوا عَلَيْكُمْ لَا يَرْقُبُوا فِيكُمْ إِلًّا وَلَا ذِمَّةً ۚ يُرْضُونَكُمْ بِأَفْوَاهِهِمْ وَتَأْبَىٰ قُلُوبُهُمْ وَأَكْثَرُهُمْ فَاسِقُونَ
Кантип (алар үчүн убада сактоо болсун?!) Чынында, алар эгер силерден үстөм-жогору болушса, силер жөнүндөгү (өз моюндарына алган) убадага да, милдентенмеге да карашпайт. Ооздору менен силерди ыраазы кылса да, (берген анттарына) жүрөктөрү көнбөй турат. Жана алардын көпчүлүгү бузукулар
اشْتَرَوْا بِآيَاتِ اللَّهِ ثَمَنًا قَلِيلًا فَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِهِ ۚ إِنَّهُمْ سَاءَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Азгана (дүйнөлүк) баага Аллаһтын аяттарын сатып жиберишет жана (адамдарды) Аллаһтын жолунан тосушат. Алардын жоруктары кандай жаман
لَا يَرْقُبُونَ فِي مُؤْمِنٍ إِلًّا وَلَا ذِمَّةً ۚ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُعْتَدُونَ
Момун жөнүндөгү (өз мойнундагы) келишимге да милдеттенмеге да карашпайт. Жана алар ашынып, чектен чыккан адамдар
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
