Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #13 Translated in Kyrgyz

9:9
اشْتَرَوْا بِآيَاتِ اللَّهِ ثَمَنًا قَلِيلًا فَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِهِ ۚ إِنَّهُمْ سَاءَ مَا كَانُوا يَعْمَلُونَ
Азгана (дүйнөлүк) баага Аллаһтын аяттарын сатып жиберишет жана (адамдарды) Аллаһтын жолунан тосушат. Алардын жоруктары кандай жаман
لَا يَرْقُبُونَ فِي مُؤْمِنٍ إِلًّا وَلَا ذِمَّةً ۚ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُعْتَدُونَ
Момун жөнүндөгү (өз мойнундагы) келишимге да милдеттенмеге да карашпайт. Жана алар ашынып, чектен чыккан адамдар
فَإِنْ تَابُوا وَأَقَامُوا الصَّلَاةَ وَآتَوُا الزَّكَاةَ فَإِخْوَانُكُمْ فِي الدِّينِ ۗ وَنُفَصِّلُ الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَعْلَمُونَ
Эгер тооба кылып, намаз окуп, зекетти берип калышса, анда алар — диндеш биртууганыңар. Биз Өз аяттарыбызды билген коом үчүн (ушинтип) ачык-айкын баяндайбыз
وَإِنْ نَكَثُوا أَيْمَانَهُمْ مِنْ بَعْدِ عَهْدِهِمْ وَطَعَنُوا فِي دِينِكُمْ فَقَاتِلُوا أَئِمَّةَ الْكُفْرِ ۙ إِنَّهُمْ لَا أَيْمَانَ لَهُمْ لَعَلَّهُمْ يَنْتَهُونَ
Жана эгер келишимге кол койгондорунан кийин ант-убадаларын бузушса жана силердин диниңерди айыпташса, (аларды ушуга үйрөткөн) каапырлардын башчыларына каршы согушкула! Чынында аларда, ант (сактоо) деген болбойт. Кана эми, алар (кыянаттарынан) токтошсо
أَلَا تُقَاتِلُونَ قَوْمًا نَكَثُوا أَيْمَانَهُمْ وَهَمُّوا بِإِخْرَاجِ الرَّسُولِ وَهُمْ بَدَءُوكُمْ أَوَّلَ مَرَّةٍ ۚ أَتَخْشَوْنَهُمْ ۚ فَاللَّهُ أَحَقُّ أَنْ تَخْشَوْهُ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
(О, момундар!) Өздөрү биринчи баштап, ант-убадаларын бузган жана пайгамбарды (журтунан) чыгарууга жан үрөп аракеттенген адамдарга каршы согушпайсыңарбы? Эмне, алардан коркосуңарбы?! Аллаһтан коркушуңарга Ал көбүрөөк акылуу эмеспи, эгер момун болсоңор

Choose other languages: