Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tawba Ayahs #34 Translated in Kyrgyz

وَقَالَتِ الْيَهُودُ عُزَيْرٌ ابْنُ اللَّهِ وَقَالَتِ النَّصَارَى الْمَسِيحُ ابْنُ اللَّهِ ۖ ذَٰلِكَ قَوْلُهُمْ بِأَفْوَاهِهِمْ ۖ يُضَاهِئُونَ قَوْلَ الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْ قَبْلُ ۚ قَاتَلَهُمُ اللَّهُ ۚ أَنَّىٰ يُؤْفَكُونَ
Яхудийлер: “Узайир Аллаһтын баласы” дешти. Христиандар: “Ыйса — Аллаһтын баласы” дешти. Бул алардын оозундагы (далилсиз) сөздөрү. Алар (бул сөздөрүндө) мурунку каапырлардын сөздөрүнө окшош. Аллаһ куруткурлар! Кайда бара жатышат
اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ وَالْمَسِيحَ ابْنَ مَرْيَمَ وَمَا أُمِرُوا إِلَّا لِيَعْبُدُوا إِلَٰهًا وَاحِدًا ۖ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۚ سُبْحَانَهُ عَمَّا يُشْرِكُونَ
Алар (яхудийлер менен христиандар) Аллаһты коюп, өздөрүнүн диний аалымдары менен (дүйнөдөн түңүлгөн) кечилдерин жана Марямдын уулу Ыйсаны кудай кылып алышты. Алар жалгыз Кудайга (Аллаһка) гана ибадат кылууга буюрулган эле! Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Өзү (гана) бар! Ал каапырлар кошкон шериктерден Таза
يُرِيدُونَ أَنْ يُطْفِئُوا نُورَ اللَّهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَيَأْبَى اللَّهُ إِلَّا أَنْ يُتِمَّ نُورَهُ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ
Алар (каапырлар) Аллаһтын Нурун (Динин) ооздору менен үйлөп өчүрүүнү каалашат. Бирок, Аллаһ каапырлар жаман көрсө да, Өз Нурун (бүт дүйнөгө) толук таралуусунан башкасына ыраазы болбойт
هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَىٰ وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ
Ал (Аллаһ) Өз пайгамбарын, Туура Жол жана акыйкат дин менен — эгер мушриктер жаман көрүшсө да — бардык диндерден үстөм-жогору кылуу үчүн жиберген
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّ كَثِيرًا مِنَ الْأَحْبَارِ وَالرُّهْبَانِ لَيَأْكُلُونَ أَمْوَالَ النَّاسِ بِالْبَاطِلِ وَيَصُدُّونَ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ ۗ وَالَّذِينَ يَكْنِزُونَ الذَّهَبَ وَالْفِضَّةَ وَلَا يُنْفِقُونَهَا فِي سَبِيلِ اللَّهِ فَبَشِّرْهُمْ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ
О, ыйман келтиргендер! (Уккула, силерге сабак болсун: Китеп элдеринин) көпчүлүк дин аалымдары менен кечилдери адамдардын дүйнө-мүлкүн арам жолдор менен жешет. Жана (ушул жоруктары менен) адамдарды Аллаһтын жолунан тосушат. Ал эми, алтын-күмүштөрдү жыйнап, аларды Аллаһтын жолуна иштетпегендерге жан ооруткан азаптын кабарын бергин

Choose other languages: