Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Talaq Ayahs #4 Translated in Kyrgyz

يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ إِذَا طَلَّقْتُمُ النِّسَاءَ فَطَلِّقُوهُنَّ لِعِدَّتِهِنَّ وَأَحْصُوا الْعِدَّةَ ۖ وَاتَّقُوا اللَّهَ رَبَّكُمْ ۖ لَا تُخْرِجُوهُنَّ مِنْ بُيُوتِهِنَّ وَلَا يَخْرُجْنَ إِلَّا أَنْ يَأْتِينَ بِفَاحِشَةٍ مُبَيِّنَةٍ ۚ وَتِلْكَ حُدُودُ اللَّهِ ۚ وَمَنْ يَتَعَدَّ حُدُودَ اللَّهِ فَقَدْ ظَلَمَ نَفْسَهُ ۚ لَا تَدْرِي لَعَلَّ اللَّهَ يُحْدِثُ بَعْدَ ذَٰلِكَ أَمْرًا
О, Пайгамбар! Эгер аялдарга талак берчү болсоңор, «идда» мөөнөттөрүндө талак бергиле?. Анан идда мөөнөтүн эсептегиле жана Раббиңер — Аллаһтан корккула! Анык бузук иш (зынаа) кылбаса, аларды үйүнөн чыгарып койбогула жана алар да чыгып кетишпесин! Булар — Аллаһтын чектөөлөрү. Ким Аллаһ белгилеген чектен чыгып кетсе, өзүнө зулум кылган болот. Сен билбейсиң, Аллаһ ушундан (өкүмдөрдү сактагандан) кийин (эрди-катын үчүн бир пайдалуу) ишти болтурса ажеп эмес
فَإِذَا بَلَغْنَ أَجَلَهُنَّ فَأَمْسِكُوهُنَّ بِمَعْرُوفٍ أَوْ فَارِقُوهُنَّ بِمَعْرُوفٍ وَأَشْهِدُوا ذَوَيْ عَدْلٍ مِنْكُمْ وَأَقِيمُوا الشَّهَادَةَ لِلَّهِ ۚ ذَٰلِكُمْ يُوعَظُ بِهِ مَنْ كَانَ يُؤْمِنُ بِاللَّهِ وَالْيَوْمِ الْآخِرِ ۚ وَمَنْ يَتَّقِ اللَّهَ يَجْعَلْ لَهُ مَخْرَجًا
Эгер аялдар (идда) мөөнөтүн бүтүрсө, же жакшылык менен алып калгыла же жакшылык менен ажырашкыла. (Жарашсаңар да, ажырашсаңар да) өзүңөрдөн эки адилеттүү адамды күбө кылгыла. (О, күбө болгондор!) силер Аллаһ үчүн (түз-туура) күбөлүк бергиле! Мунуңар Аллаһка жана Акырет Күнүнө ыйман келтирген адамдарга үлгү болоор иш. Ким Аллаһтан такыба кылса, анын жолун ачып койот
وَيَرْزُقْهُ مِنْ حَيْثُ لَا يَحْتَسِبُ ۚ وَمَنْ يَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ فَهُوَ حَسْبُهُ ۚ إِنَّ اللَّهَ بَالِغُ أَمْرِهِ ۚ قَدْ جَعَلَ اللَّهُ لِكُلِّ شَيْءٍ قَدْرًا
— жана ойлобогон тараптан ырыскы таап берет. (Ошентип,) ким Аллаһка тобокел кылса, Өзү жетиштүү. Аллаһ Өз ишин аягына чыгарат. Аллаһ ар бир нерсеге ченем-өлчөм белгилеп койгон
وَاللَّائِي يَئِسْنَ مِنَ الْمَحِيضِ مِنْ نِسَائِكُمْ إِنِ ارْتَبْتُمْ فَعِدَّتُهُنَّ ثَلَاثَةُ أَشْهُرٍ وَاللَّائِي لَمْ يَحِضْنَ ۚ وَأُولَاتُ الْأَحْمَالِ أَجَلُهُنَّ أَنْ يَضَعْنَ حَمْلَهُنَّ ۚ وَمَنْ يَتَّقِ اللَّهَ يَجْعَلْ لَهُ مِنْ أَمْرِهِ يُسْرًا
Ал эми, (талагы берилген) аялдарыңардын арасында этек кир келбей калгандары (карыя жаштагылары) болсо жана («булардын идда мөөнөтү кандай болот?» деп) шектенсеңер, алардын иддасы - үч ай. Эми, (балакатка жетпеген же бир оору себептүү) тап-такыр этек кири келбеген аялдар болсо, (булардын иддасын да үч ай деп эсептейсиңер). Боюна бүтүп калган аялдардын идда мөөнөтү — төрөгөнгө чейин. Ким Аллаһтан такыба кылса, анын ишин жеңилдетип койот

Choose other languages: