Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Tahrim Ayahs #8 Translated in Kyrgyz

إِنْ تَتُوبَا إِلَى اللَّهِ فَقَدْ صَغَتْ قُلُوبُكُمَا ۖ وَإِنْ تَظَاهَرَا عَلَيْهِ فَإِنَّ اللَّهَ هُوَ مَوْلَاهُ وَجِبْرِيلُ وَصَالِحُ الْمُؤْمِنِينَ ۖ وَالْمَلَائِكَةُ بَعْدَ ذَٰلِكَ ظَهِيرٌ
(О, пайгамбардын эки аялы!) эгер силер Аллаһка тооба кылсаңар жүрөгүңөрдү (пайгамбар сүйгөн нерсени сүйүүгө, ага жакпаган нерсени жек көрүүгө) муютат. Ал эми, ага каршы чыксаңар, (билип алгыла) анын (ишенген) Кожосу — Аллаһ! Андан кийин анын жардамчылары Жебирейил, ыйманы таза момундар жана периштелер
عَسَىٰ رَبُّهُ إِنْ طَلَّقَكُنَّ أَنْ يُبْدِلَهُ أَزْوَاجًا خَيْرًا مِنْكُنَّ مُسْلِمَاتٍ مُؤْمِنَاتٍ قَانِتَاتٍ تَائِبَاتٍ عَابِدَاتٍ سَائِحَاتٍ ثَيِّبَاتٍ وَأَبْكَارًا
Эгер пайгамбар силердин талагыңарды берип жиберсе, Аллаһ ага силерден жакшыраак, мусулман, ыймандуу, моюн сунган, тооба кылуучу, ибадатчыл жана орозо кармоочу кыз-жубандарды алмаштырып бериши мүмкүн
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا قُوا أَنْفُسَكُمْ وَأَهْلِيكُمْ نَارًا وَقُودُهَا النَّاسُ وَالْحِجَارَةُ عَلَيْهَا مَلَائِكَةٌ غِلَاظٌ شِدَادٌ لَا يَعْصُونَ اللَّهَ مَا أَمَرَهُمْ وَيَفْعَلُونَ مَا يُؤْمَرُونَ
О,ыйман келтирген пенделер! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозоктон коргоп калгыла! Анын отундары адамдардан жана таштардан, үстүндө болсо, Аллаһ буюрган ишке эч качан каршы чыкпаган, буюрулган нерсени дароо аткара турган орой жана күчтүү периштелер турат
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ كَفَرُوا لَا تَعْتَذِرُوا الْيَوْمَ ۖ إِنَّمَا تُجْزَوْنَ مَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ
Эй,каапырлар! Бул (Кыямат) күнү кечирим сурабай эле койгула, өзүңөр жасаган кылмышка жараша жазаңарды аласыңар
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا تُوبُوا إِلَى اللَّهِ تَوْبَةً نَصُوحًا عَسَىٰ رَبُّكُمْ أَنْ يُكَفِّرَ عَنْكُمْ سَيِّئَاتِكُمْ وَيُدْخِلَكُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ يَوْمَ لَا يُخْزِي اللَّهُ النَّبِيَّ وَالَّذِينَ آمَنُوا مَعَهُ ۖ نُورُهُمْ يَسْعَىٰ بَيْنَ أَيْدِيهِمْ وَبِأَيْمَانِهِمْ يَقُولُونَ رَبَّنَا أَتْمِمْ لَنَا نُورَنَا وَاغْفِرْ لَنَا ۖ إِنَّكَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
О,ыйман келтиргендер! Аллаһка чын жүрөктөн тооба кылгыла! Раббиңер күнөөңөрдү өчүрүп, түбүнөн дарыялар агып турган бейиштерге киргизсе ажеп эмес. Ал (Кыямат) күндө Аллаһ (эч качан) пайгамбар жана аны менен бирге болгондорду шерменде кылбайт! Алардын (Аллаһ берген) нурлары оң тарабында жана алдында (жарытып) агылганда алар (дуба кылып:) «О, Раббибиз! Нурубузду кемитпегей элең! Күнөөлөрүбүздү кечиргей элең! Сен ар нерсеге кудуреттүүсүң!» дешет

Choose other languages: