Surah At-Tahrim Ayahs #12 Translated in Kyrgyz
يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ جَاهِدِ الْكُفَّارَ وَالْمُنَافِقِينَ وَاغْلُظْ عَلَيْهِمْ ۚ وَمَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ ۖ وَبِئْسَ الْمَصِيرُ
О, пайгамбар! Каапырлар менен мунафыктарга каршы жихад кыл жана чечкиндүү бол! Алардын бараар жери — тозок! Кандай жаман акыбет
ضَرَبَ اللَّهُ مَثَلًا لِلَّذِينَ كَفَرُوا امْرَأَتَ نُوحٍ وَامْرَأَتَ لُوطٍ ۖ كَانَتَا تَحْتَ عَبْدَيْنِ مِنْ عِبَادِنَا صَالِحَيْنِ فَخَانَتَاهُمَا فَلَمْ يُغْنِيَا عَنْهُمَا مِنَ اللَّهِ شَيْئًا وَقِيلَ ادْخُلَا النَّارَ مَعَ الدَّاخِلِينَ
Аллаһ каапырлар(дын акыбети кандай бүтүшүн билгизүү) үчүн Нухтун аялы менен Луттун аялын мисал келтирди. Экөө тең Биздин салих пенделерибиздин (никесинин) астында болчу. Экөөсү(нүн аялы) аларга кыянат кылышты. Анан, эки пайгамбар тең Аллаһ тарабынан (азап болуп келген) нерседен эки аялды куткара албай калышты. Жана (эки аялдын бири сууга чөгүп, экинчисин жер жутуп өлгөндө, аларга) «киргендер менен бирге тозокко киргиле!» деп айтылды
وَضَرَبَ اللَّهُ مَثَلًا لِلَّذِينَ آمَنُوا امْرَأَتَ فِرْعَوْنَ إِذْ قَالَتْ رَبِّ ابْنِ لِي عِنْدَكَ بَيْتًا فِي الْجَنَّةِ وَنَجِّنِي مِنْ فِرْعَوْنَ وَعَمَلِهِ وَنَجِّنِي مِنَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ
Аллаһ ыймандуулар үчүн Фираундун аялын (үлгү катары) мисал келтирди. Бир кезде ал (дуба кылып): «О, Раббим! Мага Өзүңдүн алдыңда — Бейиште бир үй тургузуп бер жана мени Фираун менен анын амалынан куткар! Мени заалым адамдардан сакта!» деди
وَمَرْيَمَ ابْنَتَ عِمْرَانَ الَّتِي أَحْصَنَتْ فَرْجَهَا فَنَفَخْنَا فِيهِ مِنْ رُوحِنَا وَصَدَّقَتْ بِكَلِمَاتِ رَبِّهَا وَكُتُبِهِ وَكَانَتْ مِنَ الْقَانِتِينَ
(Жана Аллаһ) Имрандын кызы Марямды дагы (мисал-үлгү кылды). Ал абийирин сактаган кыз болчу. Кийин Биз ага (Жебрейил периштени жиберип) Өз Рухубуздан үйлөдүк! Ал Раббисинин Сөзүн жана Китебин тастыктады жана моюн сунуучулардан болду
Choose other languages:

Albanian

Amharic

Azerbaijani

Bengali

Bosnian

Bulgarian

Burmese

Chinese

Danish

Dutch

English

Farsi

Filipino

French

Fulah

German

Gujarati

Hausa

Hindi

Indonesian

Italian

Japanese

Jawa

Kazakh

Khmer

Korean

Kurdish

Kyrgyz

Malay

Malayalam

Norwegian

Pashto

Persian

Polish

Portuguese

Punjabi

Russian

Sindhi

Sinhalese

Somali

Spanish

Swahili

Swedish

Tajik

Tamil

Tatar

Telugu

Thai

Turkish

Urdu

Uyghur

Uzbek

Vietnamese

Yoruba
