Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Taghabun Ayahs #18 Translated in Kyrgyz

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّ مِنْ أَزْوَاجِكُمْ وَأَوْلَادِكُمْ عَدُوًّا لَكُمْ فَاحْذَرُوهُمْ ۚ وَإِنْ تَعْفُوا وَتَصْفَحُوا وَتَغْفِرُوا فَإِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
О, ыйман келтирген пенделер! (Кээ бир учурда) силерге аялдарыңар менен перзенттериңердин арасынан (Аллаһ Жолунан тосуучу) душмандар чыгат. Алардан абайлагыла! Эгер аларды кечирип, айкөлдүк кылсаңар (билип алгыла) Аллаһ -Кечиримдүү, Ырайымдуу
إِنَّمَا أَمْوَالُكُمْ وَأَوْلَادُكُمْ فِتْنَةٌ ۚ وَاللَّهُ عِنْدَهُ أَجْرٌ عَظِيمٌ
Чынында, мал-дүйнөңөр менен бала-чакаңар силерге сыноо. Аллаһтын алдында улуу сооптор бар
فَاتَّقُوا اللَّهَ مَا اسْتَطَعْتُمْ وَاسْمَعُوا وَأَطِيعُوا وَأَنْفِقُوا خَيْرًا لِأَنْفُسِكُمْ ۗ وَمَنْ يُوقَ شُحَّ نَفْسِهِ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ
Аллаһтан алыңар жеткенче такыба кылгыла жана (пайгамбардын өкүм-насааттарын) угуп, моюн сунгула. Жана (Аллаһ Жолунда) садака кылгыла. (Бул ишиңер) өзүңөргө жакшы. Ким напсинин ачкөздүгүнөн сактана алган болсо, дал ошолор жеңишке жеткендер
إِنْ تُقْرِضُوا اللَّهَ قَرْضًا حَسَنًا يُضَاعِفْهُ لَكُمْ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ۚ وَاللَّهُ شَكُورٌ حَلِيمٌ
Эгер Аллаһка жакшынакай карыз берсеңер!, силерге бир нече эсе? көбөйтүп кайтарат жана (буга кошумча иретинде) күнөөңөрдү да кечирет. Аллаһ - (жакшылыктарга) Шүгүр кылуучу. жана (пейили) Жумшак
عَالِمُ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
(Аллаһ) кайыпты да, ашкерени да Билүүчү, Кудуреттүү, Даанышман

Choose other languages: