Quran Apps in many lanuages:

Surah At-Taghabun Ayahs #15 Translated in Kyrgyz

مَا أَصَابَ مِنْ مُصِيبَةٍ إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ ۗ وَمَنْ يُؤْمِنْ بِاللَّهِ يَهْدِ قَلْبَهُ ۚ وَاللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ
(Пенделерге) жеткен ар бир балээ Аллаһтын гана уруксаты менен болот. Ким Аллаһка ыйман келтирсе, анын жүрөгүн Туура Жолго багыттап койот. Аллаһ бардыгын Билүүчү
وَأَطِيعُوا اللَّهَ وَأَطِيعُوا الرَّسُولَ ۚ فَإِنْ تَوَلَّيْتُمْ فَإِنَّمَا عَلَىٰ رَسُولِنَا الْبَلَاغُ الْمُبِينُ
Аллаһка моюн сунгула, пайгамбарга моюн сунгула! Эгер моюн сунбасаңар (өзүңөргө зыян.) Биздин элчибиздин милдети (акыйкатты) анык жеткирип коюудан гана турат
اللَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۚ وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ
(Ал —) Аллаһ! Бир Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Ыймандуулар Аллаһка гана тобокел кылышсын
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّ مِنْ أَزْوَاجِكُمْ وَأَوْلَادِكُمْ عَدُوًّا لَكُمْ فَاحْذَرُوهُمْ ۚ وَإِنْ تَعْفُوا وَتَصْفَحُوا وَتَغْفِرُوا فَإِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
О, ыйман келтирген пенделер! (Кээ бир учурда) силерге аялдарыңар менен перзенттериңердин арасынан (Аллаһ Жолунан тосуучу) душмандар чыгат. Алардан абайлагыла! Эгер аларды кечирип, айкөлдүк кылсаңар (билип алгыла) Аллаһ -Кечиримдүү, Ырайымдуу
إِنَّمَا أَمْوَالُكُمْ وَأَوْلَادُكُمْ فِتْنَةٌ ۚ وَاللَّهُ عِنْدَهُ أَجْرٌ عَظِيمٌ
Чынында, мал-дүйнөңөр менен бала-чакаңар силерге сыноо. Аллаһтын алдында улуу сооптор бар

Choose other languages: