Quran Apps in many lanuages:

Surah Ash-Shura Ayahs #11 Translated in Kyrgyz

وَكَذَٰلِكَ أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ قُرْآنًا عَرَبِيًّا لِتُنْذِرَ أُمَّ الْقُرَىٰ وَمَنْ حَوْلَهَا وَتُنْذِرَ يَوْمَ الْجَمْعِ لَا رَيْبَ فِيهِ ۚ فَرِيقٌ فِي الْجَنَّةِ وَفَرِيقٌ فِي السَّعِيرِ
Биз сага Уммул Курааны(н элин)! жана анын айланасындагы элдерди, шексиз, күмөнсүз Чогулуш Күндөн (Кыяматтан) эскертишиң үчүн араб тилиндеги Кураанды вахий кылдык. (Ошол күнү адамдардын) бир бөлүгү Бейиште, бир бөлүгү тозокто (болушат)
وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ لَجَعَلَهُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَلَٰكِنْ يُدْخِلُ مَنْ يَشَاءُ فِي رَحْمَتِهِ ۚ وَالظَّالِمُونَ مَا لَهُمْ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ
Эгер Аллаһ кааласа бардыгын бир (диндеги) эл кылып коймок. Бирок, (даанышмандыгы менен) каалаган пендесин Өз ырайымына (динине) киргизет. Заалымдарга болсо, эч бир дос-башчы, эч бир жардамчы жок
أَمِ اتَّخَذُوا مِنْ دُونِهِ أَوْلِيَاءَ ۖ فَاللَّهُ هُوَ الْوَلِيُّ وَهُوَ يُحْيِي الْمَوْتَىٰ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Же алар Аллаһдан башка «кудайларды» башчы кылышабы? (Адамга чыныгы) башчы - бул Аллаһ! Ал өлүктөрдү тирилтет! Ал- бардык нерсеге Кудуреттүү
وَمَا اخْتَلَفْتُمْ فِيهِ مِنْ شَيْءٍ فَحُكْمُهُ إِلَى اللَّهِ ۚ ذَٰلِكُمُ اللَّهُ رَبِّي عَلَيْهِ تَوَكَّلْتُ وَإِلَيْهِ أُنِيبُ
Эмнеде талашып калчу болсоңор, анын өкүмү- Аллаһка! Ушул Аллаһ менин Раббим! Өзүнө гана тобокел кылып, Өзүнө гана кайрыламын
فَاطِرُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ جَعَلَ لَكُمْ مِنْ أَنْفُسِكُمْ أَزْوَاجًا وَمِنَ الْأَنْعَامِ أَزْوَاجًا ۖ يَذْرَؤُكُمْ فِيهِ ۚ لَيْسَ كَمِثْلِهِ شَيْءٌ ۖ وَهُوَ السَّمِيعُ الْبَصِيرُ
(Аллаһ-) асмандардын жана жердин Жаратуучусу. Ал силерге өзүңөрдөн жуп-түгөй жаратты. Жана Ал айбанаттардан да жуп-тарды жаратты. Силерди ошол (жуп-жубайлык) боюнча өндүрүп-өстүрөт. Ага (Аллаһка) эч нерсе окшобойт. Ал - Угуучу, Көрүүчү

Choose other languages: