Quran Apps in many lanuages:

Surah Ash-Shura Ayahs #14 Translated in Kyrgyz

وَمَا اخْتَلَفْتُمْ فِيهِ مِنْ شَيْءٍ فَحُكْمُهُ إِلَى اللَّهِ ۚ ذَٰلِكُمُ اللَّهُ رَبِّي عَلَيْهِ تَوَكَّلْتُ وَإِلَيْهِ أُنِيبُ
Эмнеде талашып калчу болсоңор, анын өкүмү- Аллаһка! Ушул Аллаһ менин Раббим! Өзүнө гана тобокел кылып, Өзүнө гана кайрыламын
فَاطِرُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ جَعَلَ لَكُمْ مِنْ أَنْفُسِكُمْ أَزْوَاجًا وَمِنَ الْأَنْعَامِ أَزْوَاجًا ۖ يَذْرَؤُكُمْ فِيهِ ۚ لَيْسَ كَمِثْلِهِ شَيْءٌ ۖ وَهُوَ السَّمِيعُ الْبَصِيرُ
(Аллаһ-) асмандардын жана жердин Жаратуучусу. Ал силерге өзүңөрдөн жуп-түгөй жаратты. Жана Ал айбанаттардан да жуп-тарды жаратты. Силерди ошол (жуп-жубайлык) боюнча өндүрүп-өстүрөт. Ага (Аллаһка) эч нерсе окшобойт. Ал - Угуучу, Көрүүчү
لَهُ مَقَالِيدُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ وَيَقْدِرُ ۚ إِنَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ
Асмандардын жана жер (казынасынын) ачкычтары бир Өзүнүн колунда. Каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Ал бардык нерсени Билүүчү
شَرَعَ لَكُمْ مِنَ الدِّينِ مَا وَصَّىٰ بِهِ نُوحًا وَالَّذِي أَوْحَيْنَا إِلَيْكَ وَمَا وَصَّيْنَا بِهِ إِبْرَاهِيمَ وَمُوسَىٰ وَعِيسَىٰ ۖ أَنْ أَقِيمُوا الدِّينَ وَلَا تَتَفَرَّقُوا فِيهِ ۚ كَبُرَ عَلَى الْمُشْرِكِينَ مَا تَدْعُوهُمْ إِلَيْهِ ۚ اللَّهُ يَجْتَبِي إِلَيْهِ مَنْ يَشَاءُ وَيَهْدِي إِلَيْهِ مَنْ يُنِيبُ
Ал силерге Нухка осуят кылган динди Шарият кылып берди. Биз сага вахий кылган динди(н дал өзүн) Ибрахимге, Мусага жана Ыйсага: «Динди толук тургузгула (аткаргыла) жана анда бөлүнүп кетпегиле»-деп вахий кылганбыз. Силер даават кылган нерсе (тавхид ишеними) мушриктерге оор келди. Аллаһ ал нерсеге Өзү каалаган пендесин тандап, (Өзүнө) умтулган пендесин ага жолдоп коёт
وَمَا تَفَرَّقُوا إِلَّا مِنْ بَعْدِ مَا جَاءَهُمُ الْعِلْمُ بَغْيًا بَيْنَهُمْ ۚ وَلَوْلَا كَلِمَةٌ سَبَقَتْ مِنْ رَبِّكَ إِلَىٰ أَجَلٍ مُسَمًّى لَقُضِيَ بَيْنَهُمْ ۚ وَإِنَّ الَّذِينَ أُورِثُوا الْكِتَابَ مِنْ بَعْدِهِمْ لَفِي شَكٍّ مِنْهُ مُرِيبٍ
Алар өздөрүнө (Аллаһ тарабынан) илим (Тоорат, Инжил) келгенден кийин гана, өз ара көралбастыктан улам бөлүнүп кетишти.! Жана эгер Раббиң тарабынан алдын ала айтылган «белгилүү мөөнөткө чейин (азабы кечиктирилет) деген» Сөз болбогондо (каапырлар кыйратылып) алардын арасы (эчак эле) ажырым кылып коюлмак. Алардан кийин Китепке мураскор кылынган урпактар деле Андан (Тоораттан, Инжилден) катуу шектенүүдө болушту

Choose other languages: