Quran Apps in many lanuages:

Surah Ash-Shura Ayahs #28 Translated in Kyrgyz

أَمْ يَقُولُونَ افْتَرَىٰ عَلَى اللَّهِ كَذِبًا ۖ فَإِنْ يَشَإِ اللَّهُ يَخْتِمْ عَلَىٰ قَلْبِكَ ۗ وَيَمْحُ اللَّهُ الْبَاطِلَ وَيُحِقُّ الْحَقَّ بِكَلِمَاتِهِ ۚ إِنَّهُ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ
Же болбосо, (мушриктер «Мухаммад) Аллаһка доомат кылды»-дешеби?! Эгер Аллаһ кааласа, жүрөгүңдү мөөрлөп коймок. Аллаһ (вахий менен) жалганды өчүрөт. Жана Өз сөздөрү менен Акыйкатты орнотот. Ал көкүрөктөрдөгү сырларды Билүүчү
وَهُوَ الَّذِي يَقْبَلُ التَّوْبَةَ عَنْ عِبَادِهِ وَيَعْفُو عَنِ السَّيِّئَاتِ وَيَعْلَمُ مَا تَفْعَلُونَ
Аллаһ Өз пенделеринен тообаны кабыл алат жана күнөөлөрдү өчүрөт. Жана Ал силердин эмне жасап жатканыңарды билип турат
وَيَسْتَجِيبُ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ وَيَزِيدُهُمْ مِنْ فَضْلِهِ ۚ وَالْكَافِرُونَ لَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدٌ
Жана Ал ыйман келтирип, салих амалдарды жасаган адамдарга (дубаларын кабыл алуу менен) жооп берет жана аларды Өз пазилетинен аларды(н сообун) көбөйтөт. Ал эми, каапырларга катуу азап бар
وَلَوْ بَسَطَ اللَّهُ الرِّزْقَ لِعِبَادِهِ لَبَغَوْا فِي الْأَرْضِ وَلَٰكِنْ يُنَزِّلُ بِقَدَرٍ مَا يَشَاءُ ۚ إِنَّهُ بِعِبَادِهِ خَبِيرٌ بَصِيرٌ
Эгер Аллаһ пенделерине ырыскыны кенен берсе, алар жер бетинде зулумдукка берилип кетишмек. Бирок Өзү каалаган өлчөмдө түшүрөт. Ал Өз пенделерин(ин табиятын) Көрүүчү (жана) Кабардар
وَهُوَ الَّذِي يُنَزِّلُ الْغَيْثَ مِنْ بَعْدِ مَا قَنَطُوا وَيَنْشُرُ رَحْمَتَهُ ۚ وَهُوَ الْوَلِيُّ الْحَمِيدُ
Ал (пенделерине) үмүтсүз болуп калгандарынан кийин жамгыр жаадырып, Өз ырайымын таратат. Ал Макталган Дос

Choose other languages: