Quran Apps in many lanuages:

Surah Ar-Rad Ayahs #41 Translated in Kyrgyz

وَكَذَٰلِكَ أَنْزَلْنَاهُ حُكْمًا عَرَبِيًّا ۚ وَلَئِنِ اتَّبَعْتَ أَهْوَاءَهُمْ بَعْدَمَا جَاءَكَ مِنَ الْعِلْمِ مَا لَكَ مِنَ اللَّهِ مِنْ وَلِيٍّ وَلَا وَاقٍ
Ушинтип (о, Мухаммад), Биз сага араб тилиндеги өкүмдү түшүрдүк. Эгер өзүңө келген илимден соң алардын (каапырлардын) каалоолоруна эрчип кетсең, (анда) сага Аллаһ тарабынан эч бир дос-жардамчы, эч бир сактоочу болбойт
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا رُسُلًا مِنْ قَبْلِكَ وَجَعَلْنَا لَهُمْ أَزْوَاجًا وَذُرِّيَّةً ۚ وَمَا كَانَ لِرَسُولٍ أَنْ يَأْتِيَ بِآيَةٍ إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ ۗ لِكُلِّ أَجَلٍ كِتَابٌ
Биз сенден мурда пайгамбарларды жиберип, аларга аял, бала-чака бергенбиз. Эч бир пайгамбар Аллаһтын уруксаты болмоюнча (өз каалоосу менен) моожиза келтире албайт. (Бардыгы Аллаһтын колунда. Качан кааласа ошондо берет) Ар бир мөөнөт үчүн жазылган (убактысы) бар
يَمْحُو اللَّهُ مَا يَشَاءُ وَيُثْبِتُ ۖ وَعِنْدَهُ أُمُّ الْكِتَابِ
Аллаһ (өкүмдөрдөн) каалаганын жок кылат, каалаган нерсесин бекемдеп койот. (Анткени,) Китептин Энеси Анын алдында
وَإِنْ مَا نُرِيَنَّكَ بَعْضَ الَّذِي نَعِدُهُمْ أَوْ نَتَوَفَّيَنَّكَ فَإِنَّمَا عَلَيْكَ الْبَلَاغُ وَعَلَيْنَا الْحِسَابُ
(О, Мухаммад) Эгер аларга (каапырларга) убада кылган нерсебизди (азапты) сага көрсөтсөк да же (көрсөткөнгө чейин) жаныңды алсак да (сага баары бир). Анткени, сенин милдетиң —жеткирүү. Биздин милдетибиз — эсептешүү
أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّا نَأْتِي الْأَرْضَ نَنْقُصُهَا مِنْ أَطْرَافِهَا ۚ وَاللَّهُ يَحْكُمُ لَا مُعَقِّبَ لِحُكْمِهِ ۚ وَهُوَ سَرِيعُ الْحِسَابِ
(Динге каршы болгондор) көрбөй жатышабы, Биз (алардын) жерге келип, ар тарабынан кыскартып жатабыз. Аллаһ (ушинтип) өкүм кылат. Анын өкүмүн кечиктирүүчү жок! Ал тез эсептешүүчү

Choose other languages: