Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #91 Translated in Kyrgyz

اللَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۚ لَيَجْمَعَنَّكُمْ إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ لَا رَيْبَ فِيهِ ۗ وَمَنْ أَصْدَقُ مِنَ اللَّهِ حَدِيثًا
Эч бир илах жок, бир гана (затында, сыпатында, пейилинде, ысымында эч кимге окшобогон) Аллаһ гана бар. Ал силерди анда шек болбогон Кыямат Күн үчүн (ар бир адамга өз иштерине жараша сыйлык же жаза берүү үчүн) чогултат. Аллаһтан туурараак сүйлөгөн эч ким жок
فَمَا لَكُمْ فِي الْمُنَافِقِينَ فِئَتَيْنِ وَاللَّهُ أَرْكَسَهُمْ بِمَا كَسَبُوا ۚ أَتُرِيدُونَ أَنْ تَهْدُوا مَنْ أَضَلَّ اللَّهُ ۖ وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَلَنْ تَجِدَ لَهُ سَبِيلًا
Эмне үчүн силер мунафыктар жөнүндө экиге бөлүнөсүңөр?? Аллаһ аларды жасаган иштери себептүү (каапырчылыкка) кайтарды го! Силер Аллаһ адаштырган кишилерди Туура Жолго салууну каалайсыңарбы? Кимди Аллаһ адаштырган болсо, сен ага (туура) жол таба албайсың
وَدُّوا لَوْ تَكْفُرُونَ كَمَا كَفَرُوا فَتَكُونُونَ سَوَاءً ۖ فَلَا تَتَّخِذُوا مِنْهُمْ أَوْلِيَاءَ حَتَّىٰ يُهَاجِرُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ ۚ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَخُذُوهُمْ وَاقْتُلُوهُمْ حَيْثُ وَجَدْتُمُوهُمْ ۖ وَلَا تَتَّخِذُوا مِنْهُمْ وَلِيًّا وَلَا نَصِيرًا
Алар өздөрү каапыр болгону сыяктуу силердин да каапыр болуп калышыңарды эңсешет. Аларды Аллаһтын жолунда хижрат кылмайынча дос тутпагыла. Эгер (хижрат кылуудан) баш тартышса, аларды тапкан жериңерде кармап, өлтүргүлө. Аларды дос да жардамчы да кылбагыла
إِلَّا الَّذِينَ يَصِلُونَ إِلَىٰ قَوْمٍ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَهُمْ مِيثَاقٌ أَوْ جَاءُوكُمْ حَصِرَتْ صُدُورُهُمْ أَنْ يُقَاتِلُوكُمْ أَوْ يُقَاتِلُوا قَوْمَهُمْ ۚ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ لَسَلَّطَهُمْ عَلَيْكُمْ فَلَقَاتَلُوكُمْ ۚ فَإِنِ اعْتَزَلُوكُمْ فَلَمْ يُقَاتِلُوكُمْ وَأَلْقَوْا إِلَيْكُمُ السَّلَمَ فَمَا جَعَلَ اللَّهُ لَكُمْ عَلَيْهِمْ سَبِيلًا
Ал эми, (төмөндөгү) кишилерди өлтүрбөгүлө: силер менен араларында (тынчтык) келишими бар болгон коомдорго кошулуп алса. Же, силерге жана өз (каапыр) коомуна каршы согушуудан жүрөгү безилдеп, силердин алдыңарга келишсе. Эгер Аллаһ кааласа аларды силерден жогору кылып, силерге каршы согушушкан болоор эле. Эми, эгер силерге катылбай, согуш ачпай, тынчтыкты сунуштап жүрүшсө, аларга каршы чыгууңарга Аллаһ силер үчүн жол бербейт
سَتَجِدُونَ آخَرِينَ يُرِيدُونَ أَنْ يَأْمَنُوكُمْ وَيَأْمَنُوا قَوْمَهُمْ كُلَّ مَا رُدُّوا إِلَى الْفِتْنَةِ أُرْكِسُوا فِيهَا ۚ فَإِنْ لَمْ يَعْتَزِلُوكُمْ وَيُلْقُوا إِلَيْكُمُ السَّلَمَ وَيَكُفُّوا أَيْدِيَهُمْ فَخُذُوهُمْ وَاقْتُلُوهُمْ حَيْثُ ثَقِفْتُمُوهُمْ ۚ وَأُولَٰئِكُمْ جَعَلْنَا لَكُمْ عَلَيْهِمْ سُلْطَانًا مُبِينًا
Силер (мунафыктардан) башка тайпаларын силерден да, (каапыр) коомдорунан да сак болгон абалда табасыңар. Качан алар фитна-бузукулукка кайтарылса, ага чумкуп кетишет. Эгер алар силерден алыстабаса, тынчтыкты сунуштабаса жана силерден колун тыйбаса, анда аларды кармап, тапкан жериңерде өлтүргүлө! Биз силерге андай адамдардын үстүнөн бийлик бердик

Choose other languages: