Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #89 Translated in Kyrgyz

مَنْ يَشْفَعْ شَفَاعَةً حَسَنَةً يَكُنْ لَهُ نَصِيبٌ مِنْهَا ۖ وَمَنْ يَشْفَعْ شَفَاعَةً سَيِّئَةً يَكُنْ لَهُ كِفْلٌ مِنْهَا ۗ وَكَانَ اللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ مُقِيتًا
Ким жакшы тарапка жардам берсе, ага ошол жакшылыктан үлүш-насип тиет. Ким жаман тарапка жардам берсе ага ошол жамандыктан үлүш-насип тиет. Аллаһ бардык нерсеге Көзөмөлчү
وَإِذَا حُيِّيتُمْ بِتَحِيَّةٍ فَحَيُّوا بِأَحْسَنَ مِنْهَا أَوْ رُدُّوهَا ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ حَسِيبًا
Силерге качан салам (же салам сыяктуу сөз же ишаарат) берилсе, андан да жакшыраак же болбосо өзүндөй кылып кайтаргыла. Чынында, Аллаһ бардык нерсени Эсептөөчү
اللَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۚ لَيَجْمَعَنَّكُمْ إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ لَا رَيْبَ فِيهِ ۗ وَمَنْ أَصْدَقُ مِنَ اللَّهِ حَدِيثًا
Эч бир илах жок, бир гана (затында, сыпатында, пейилинде, ысымында эч кимге окшобогон) Аллаһ гана бар. Ал силерди анда шек болбогон Кыямат Күн үчүн (ар бир адамга өз иштерине жараша сыйлык же жаза берүү үчүн) чогултат. Аллаһтан туурараак сүйлөгөн эч ким жок
فَمَا لَكُمْ فِي الْمُنَافِقِينَ فِئَتَيْنِ وَاللَّهُ أَرْكَسَهُمْ بِمَا كَسَبُوا ۚ أَتُرِيدُونَ أَنْ تَهْدُوا مَنْ أَضَلَّ اللَّهُ ۖ وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَلَنْ تَجِدَ لَهُ سَبِيلًا
Эмне үчүн силер мунафыктар жөнүндө экиге бөлүнөсүңөр?? Аллаһ аларды жасаган иштери себептүү (каапырчылыкка) кайтарды го! Силер Аллаһ адаштырган кишилерди Туура Жолго салууну каалайсыңарбы? Кимди Аллаһ адаштырган болсо, сен ага (туура) жол таба албайсың
وَدُّوا لَوْ تَكْفُرُونَ كَمَا كَفَرُوا فَتَكُونُونَ سَوَاءً ۖ فَلَا تَتَّخِذُوا مِنْهُمْ أَوْلِيَاءَ حَتَّىٰ يُهَاجِرُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ ۚ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَخُذُوهُمْ وَاقْتُلُوهُمْ حَيْثُ وَجَدْتُمُوهُمْ ۖ وَلَا تَتَّخِذُوا مِنْهُمْ وَلِيًّا وَلَا نَصِيرًا
Алар өздөрү каапыр болгону сыяктуу силердин да каапыр болуп калышыңарды эңсешет. Аларды Аллаһтын жолунда хижрат кылмайынча дос тутпагыла. Эгер (хижрат кылуудан) баш тартышса, аларды тапкан жериңерде кармап, өлтүргүлө. Аларды дос да жардамчы да кылбагыла

Choose other languages: