Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #125 Translated in Kyrgyz

أُولَٰئِكَ مَأْوَاهُمْ جَهَنَّمُ وَلَا يَجِدُونَ عَنْهَا مَحِيصًا
Ошолордун (шайтанга ээрчиген-дердин) жайы Тозок! Алар өздөрүн андан куткаруучуну таппай (ал жерде түбөлүк) калышат
وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ سَنُدْخِلُهُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا ۖ وَعْدَ اللَّهِ حَقًّا ۚ وَمَنْ أَصْدَقُ مِنَ اللَّهِ قِيلًا
Ал эми, (Аллаһка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга, Акырет күнүнө, тагдырдын жакшы-жаманы Аллаһтан болушуна) ыйман келтирген жана (ошол ыймандан жаралган) сооп иштерди жасай турган адамдарды Биз анда түбөлүк калуучу, астынан дарыялар агып туруучу бейиштерге киргизебиз. Бул — Аллаһтын акыйкат убадасы. Эч кимдин сөзү Аллаһтын сөзүндөй чын эмес
لَيْسَ بِأَمَانِيِّكُمْ وَلَا أَمَانِيِّ أَهْلِ الْكِتَابِ ۗ مَنْ يَعْمَلْ سُوءًا يُجْزَ بِهِ وَلَا يَجِدْ لَهُ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَلِيًّا وَلَا نَصِيرًا
(Тозоктон кутулуу) силердин да, китеп ээлеринин да куру кыялдары менен эле боло калбайт. Ал эми, ким (кандай) күнөө иш жасаса, ошонун гана жазасын алат. Жана (жаза берилчү мезгилде) өзүнө Аллаһтан башка дос-жардамчы таппай калат
وَمَنْ يَعْمَلْ مِنَ الصَّالِحَاتِ مِنْ ذَكَرٍ أَوْ أُنْثَىٰ وَهُوَ مُؤْمِنٌ فَأُولَٰئِكَ يَدْخُلُونَ الْجَنَّةَ وَلَا يُظْلَمُونَ نَقِيرًا
Эркекпи же аялбы, кимде-ким жакшы иштерди жасаса жана ал ыймандуу болсо, (жасаган иштеринин) кыпындайына да зулум кылынбаган абалда Бейишке киришет
وَمَنْ أَحْسَنُ دِينًا مِمَّنْ أَسْلَمَ وَجْهَهُ لِلَّهِ وَهُوَ مُحْسِنٌ وَاتَّبَعَ مِلَّةَ إِبْرَاهِيمَ حَنِيفًا ۗ وَاتَّخَذَ اللَّهُ إِبْرَاهِيمَ خَلِيلًا
Аллаһтын Шариятын (бекем) кармап, ширктен таухидке бурулган абалда Ибрахимдин динине ээрчиген жана жүзүн (өзүн) Аллаһка толук моюн сундурган адамдын дининен да жакшыраак дин туткан адам барбы? Аллаһ Ибрахимди (Өзүнө) дос туткан

Choose other languages: