Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #120 Translated in Kyrgyz

إِنَّ اللَّهَ لَا يَغْفِرُ أَنْ يُشْرَكَ بِهِ وَيَغْفِرُ مَا دُونَ ذَٰلِكَ لِمَنْ يَشَاءُ ۚ وَمَنْ يُشْرِكْ بِاللَّهِ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَالًا بَعِيدًا
Албетте, Аллаһ (ибадатта жана ишенимде) Өзүнө шерик кошулуусун кечирбейт. Мындан башкасын Өзү каалаган пендеси үчүн кечирет. Ким Аллаһка ширк келтирген болсо, демек ал катуу адашыптыр
إِنْ يَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ إِلَّا إِنَاثًا وَإِنْ يَدْعُونَ إِلَّا شَيْطَانًا مَرِيدًا
Алар Аллаһтан башка, аял жынысындагыларга дуба кылышат! жана өзүнүн сөзүнөн баш тартуучу шайтанга дуба кылышат
لَعَنَهُ اللَّهُ ۘ وَقَالَ لَأَتَّخِذَنَّ مِنْ عِبَادِكَ نَصِيبًا مَفْرُوضًا
Аллаһ ага (шайтанга) наалат-каргыш жаадырганда ал айткан: “Мен Сенин пенделериңдин арасынан тийиштүү насибимди алаармын
وَلَأُضِلَّنَّهُمْ وَلَأُمَنِّيَنَّهُمْ وَلَآمُرَنَّهُمْ فَلَيُبَتِّكُنَّ آذَانَ الْأَنْعَامِ وَلَآمُرَنَّهُمْ فَلَيُغَيِّرُنَّ خَلْقَ اللَّهِ ۚ وَمَنْ يَتَّخِذِ الشَّيْطَانَ وَلِيًّا مِنْ دُونِ اللَّهِ فَقَدْ خَسِرَ خُسْرَانًا مُبِينًا
Жана аларды жолдон адаштырып, куру кыялдарды жүрөктөрүнө салаармын. Жана алар менин буйругум менен малдарынын кулактарын кесишет?” жана менин гана буйругум менен Аллаһтын жаратканын өзгөртүшөт!” Ким Аллаһты коюп, шайтанды дос - башчы кылып алса, ал анык зыяндын зыянына түшүптүр
يَعِدُهُمْ وَيُمَنِّيهِمْ ۖ وَمَا يَعِدُهُمُ الشَّيْطَانُ إِلَّا غُرُورًا
(Шайтан) аларга убадаларды берет, жүрөктөрүнө куру кыялдарды салат. Шайтан аларга жалгандан башка убада бербейт

Choose other languages: