Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nisa Ayahs #117 Translated in Kyrgyz

وَلَوْلَا فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكَ وَرَحْمَتُهُ لَهَمَّتْ طَائِفَةٌ مِنْهُمْ أَنْ يُضِلُّوكَ وَمَا يُضِلُّونَ إِلَّا أَنْفُسَهُمْ ۖ وَمَا يَضُرُّونَكَ مِنْ شَيْءٍ ۚ وَأَنْزَلَ اللَّهُ عَلَيْكَ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَعَلَّمَكَ مَا لَمْ تَكُنْ تَعْلَمُ ۚ وَكَانَ فَضْلُ اللَّهِ عَلَيْكَ عَظِيمًا
(О, Мухаммад!) эгер сага Аллаһтын пазилети жана ырайымы болбогондо алардан (кыянатчылардан) бир тайпа сени адаштырууга жан үрөп калышкан эле. Бирок, алар (сени эмес) өздөрүн гана адаштырышат жана сага эч кандай зыян жеткире алышпайт. Аллаһ сага (бардык нерселердин баян-илимин өз ичине камтыган) китеп - Кураанды жана Сүннөттү түшүрүп, билбеген нерселериңди билгизди. Аллаһтын сага (берген) пазилети улук
لَا خَيْرَ فِي كَثِيرٍ مِنْ نَجْوَاهُمْ إِلَّا مَنْ أَمَرَ بِصَدَقَةٍ أَوْ مَعْرُوفٍ أَوْ إِصْلَاحٍ بَيْنَ النَّاسِ ۚ وَمَنْ يَفْعَلْ ذَٰلِكَ ابْتِغَاءَ مَرْضَاتِ اللَّهِ فَسَوْفَ نُؤْتِيهِ أَجْرًا عَظِيمًا
Алардын (кыянатчылардын) көп отуруш-чогулуштарында жакшылык жок. Ал эми, садакага, жакшы үрп-адатка буюрган же адамдардын арасын оңдоо үчүн (чогулган адамдардын отуруштарында жакшылык болот). Жана ким ушуну (аталган жакшылыктарды) Аллаһтын ыраазычылыгын тилеген абалда жасаса, ал адамга жакында улуу сооп беребиз
وَمَنْ يُشَاقِقِ الرَّسُولَ مِنْ بَعْدِ مَا تَبَيَّنَ لَهُ الْهُدَىٰ وَيَتَّبِعْ غَيْرَ سَبِيلِ الْمُؤْمِنِينَ نُوَلِّهِ مَا تَوَلَّىٰ وَنُصْلِهِ جَهَنَّمَ ۖ وَسَاءَتْ مَصِيرًا
Жана кимде - ким, өзүнө Туура Жол анык болгондон кийин, пайгамбарга (анын өкүмүнө) каршылык кылса жана момундардын жолунан башка жолго ээрчисе, аны тандаган жолунда жөн койобуз. Жана аны Тозокко жеткиребиз. Ал кандай жаман жай
إِنَّ اللَّهَ لَا يَغْفِرُ أَنْ يُشْرَكَ بِهِ وَيَغْفِرُ مَا دُونَ ذَٰلِكَ لِمَنْ يَشَاءُ ۚ وَمَنْ يُشْرِكْ بِاللَّهِ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَالًا بَعِيدًا
Албетте, Аллаһ (ибадатта жана ишенимде) Өзүнө шерик кошулуусун кечирбейт. Мындан башкасын Өзү каалаган пендеси үчүн кечирет. Ким Аллаһка ширк келтирген болсо, демек ал катуу адашыптыр
إِنْ يَدْعُونَ مِنْ دُونِهِ إِلَّا إِنَاثًا وَإِنْ يَدْعُونَ إِلَّا شَيْطَانًا مَرِيدًا
Алар Аллаһтан башка, аял жынысындагыларга дуба кылышат! жана өзүнүн сөзүнөн баш тартуучу шайтанга дуба кылышат

Choose other languages: