Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nahl Ayahs #90 Translated in Kyrgyz

وَإِذَا رَأَى الَّذِينَ أَشْرَكُوا شُرَكَاءَهُمْ قَالُوا رَبَّنَا هَٰؤُلَاءِ شُرَكَاؤُنَا الَّذِينَ كُنَّا نَدْعُو مِنْ دُونِكَ ۖ فَأَلْقَوْا إِلَيْهِمُ الْقَوْلَ إِنَّكُمْ لَكَاذِبُونَ
Эгер Аллаһка шерик кошкондор өз “кудайларын” көрүп калса: “О, Раббибиз — (Аллаһ!), Сени таштап биз дуба-ибадат кылган “кудайларыбыз ушулар”-дешет. Анда аларга (“кудайлары”): “Силер — анык жалганчысыңар!” — деп сөз ыргытат
وَأَلْقَوْا إِلَى اللَّهِ يَوْمَئِذٍ السَّلَمَ ۖ وَضَلَّ عَنْهُمْ مَا كَانُوا يَفْتَرُونَ
Ошол күндө алар Аллаһтан жансоога сурап калышат. Ойлоп тапкан “кудайлары” болсо, жок болуп кетет
الَّذِينَ كَفَرُوا وَصَدُّوا عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ زِدْنَاهُمْ عَذَابًا فَوْقَ الْعَذَابِ بِمَا كَانُوا يُفْسِدُونَ
(Өздөрү) каапыр болуп (башкаларды) Аллаһтын жолунан тоскон адамдардын азабынын үстүнө азап кошобуз, бузукулук кылгандары себептүү
وَيَوْمَ نَبْعَثُ فِي كُلِّ أُمَّةٍ شَهِيدًا عَلَيْهِمْ مِنْ أَنْفُسِهِمْ ۖ وَجِئْنَا بِكَ شَهِيدًا عَلَىٰ هَٰؤُلَاءِ ۚ وَنَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ تِبْيَانًا لِكُلِّ شَيْءٍ وَهُدًى وَرَحْمَةً وَبُشْرَىٰ لِلْمُسْلِمِينَ
Биз (силерди) кайрадан тирилткен Күндө ар бир үммөткө өздөрүнөн бир күбөнү (пайгамбарын) алып келебиз. Сени да (о, Мухаммад)) тигилерге (өз үммөтүңө) күбө катары алып келдик. Биз сага Китепти (Кураанды) ар бир нерсеге Баяндама, Туура Жол, Ырайым жана мусулмандар үчүн Жакшы Кабар иретинде түшүрдүк
إِنَّ اللَّهَ يَأْمُرُ بِالْعَدْلِ وَالْإِحْسَانِ وَإِيتَاءِ ذِي الْقُرْبَىٰ وَيَنْهَىٰ عَنِ الْفَحْشَاءِ وَالْمُنْكَرِ وَالْبَغْيِ ۚ يَعِظُكُمْ لَعَلَّكُمْ تَذَكَّرُونَ
Албетте, Аллаһ адилеттүүлүккө, жакшылыкка тууган-уруктарга кайрымдуулук кылууга буюруп, бузукулуктан, (Шариятка) терс пейилдерден жана зулум-душманчылыктан кайтарып, силерге наасат кылат. Кана эми, эсиңерге келсеңер

Choose other languages: