Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nahl Ayahs #82 Translated in Kyrgyz

وَاللَّهُ أَخْرَجَكُمْ مِنْ بُطُونِ أُمَّهَاتِكُمْ لَا تَعْلَمُونَ شَيْئًا وَجَعَلَ لَكُمُ السَّمْعَ وَالْأَبْصَارَ وَالْأَفْئِدَةَ ۙ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ
Аллаһ силерди апаңардын курсагынан чыгарды. Силер (ал кезде) эч нерсе билбейт элеңер. Анан силерге кулак, көз жана жүрөктөрдү берди. Кана эми, шүгүр кылсаңар
أَلَمْ يَرَوْا إِلَى الطَّيْرِ مُسَخَّرَاتٍ فِي جَوِّ السَّمَاءِ مَا يُمْسِكُهُنَّ إِلَّا اللَّهُ ۗ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ
Асман койнунда туткун болгон куштарга карашпайбы? Аларды (абада) Аллаһдан башка ким кармап турат?! Албетте, мында ыймандуу адамдар үчүн (Аллаһтын кудуретине ишаарат кылган) белгилер бар
وَاللَّهُ جَعَلَ لَكُمْ مِنْ بُيُوتِكُمْ سَكَنًا وَجَعَلَ لَكُمْ مِنْ جُلُودِ الْأَنْعَامِ بُيُوتًا تَسْتَخِفُّونَهَا يَوْمَ ظَعْنِكُمْ وَيَوْمَ إِقَامَتِكُمْ ۙ وَمِنْ أَصْوَافِهَا وَأَوْبَارِهَا وَأَشْعَارِهَا أَثَاثًا وَمَتَاعًا إِلَىٰ حِينٍ
Аллаһ силер үчүн үйүңөрдү тынч мекен кылды жана айбандардын терилеринен көчүп-конуп жүргөнүңөрдө жеңил болгон үйлөрдү жасап берди. Жана алардын жүндөрүнөн, тыбыттарынан, кылдарынан бир мезгилге (Кыяматка) чейин (керектелүүчү) буюмдарды жана матааларды (жаратты)
وَاللَّهُ جَعَلَ لَكُمْ مِمَّا خَلَقَ ظِلَالًا وَجَعَلَ لَكُمْ مِنَ الْجِبَالِ أَكْنَانًا وَجَعَلَ لَكُمْ سَرَابِيلَ تَقِيكُمُ الْحَرَّ وَسَرَابِيلَ تَقِيكُمْ بَأْسَكُمْ ۚ كَذَٰلِكَ يُتِمُّ نِعْمَتَهُ عَلَيْكُمْ لَعَلَّكُمْ تُسْلِمُونَ
Аллаһ Өзү жараткан нерселерден көлөкө-башпаанектерди, тоолордон үңкүр-үйлөрдү жасап берди. Дагы силер үчүн ысыктан сактаган кийимдерди жана (өз-ара) соккуңардан сактай турган, (зоот) кийимдерди жаратты. (Аллаһ) силерге мына ушинтип Өз нээматын толук берет. Кана эми (силер да толук) мусулман болсоңор
فَإِنْ تَوَلَّوْا فَإِنَّمَا عَلَيْكَ الْبَلَاغُ الْمُبِينُ
(О, Мухаммад!) Эгер (наасааттан) жүз бурушса, (артынан түшүп алба) сенин милдетиң анык жеткирүүдөн гана турат

Choose other languages: