Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nahl Ayahs #44 Translated in Kyrgyz

إِنَّمَا قَوْلُنَا لِشَيْءٍ إِذَا أَرَدْنَاهُ أَنْ نَقُولَ لَهُ كُنْ فَيَكُونُ
Эгер Биз бир нерсени кааласак, ага карап: «Бол!» дешибиз менен ал болуп калат
وَالَّذِينَ هَاجَرُوا فِي اللَّهِ مِنْ بَعْدِ مَا ظُلِمُوا لَنُبَوِّئَنَّهُمْ فِي الدُّنْيَا حَسَنَةً ۖ وَلَأَجْرُ الْآخِرَةِ أَكْبَرُ ۚ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ
(Макка мушриктери тарабынан) зулумга дуушар кылынган соң, Аллаһтын жолунда хижрат кылган адамдарга (ушул эле) дүйнөдө жакшылык даярдап койобуз.! Бирок, эгер билишсе, Акырет сыйлыгы чоңураак
الَّذِينَ صَبَرُوا وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ
Алар сабыр кылган жана Раббисине тобокел кылган адамдар
وَمَا أَرْسَلْنَا مِنْ قَبْلِكَ إِلَّا رِجَالًا نُوحِي إِلَيْهِمْ ۚ فَاسْأَلُوا أَهْلَ الذِّكْرِ إِنْ كُنْتُمْ لَا تَعْلَمُونَ
(О, Мухаммад!) Биз сенден мурда жалаң эркек кишилерди гана пайгамбар кылып жибергенбиз (жана) аларга (Дин-Шарият) вахий кылганбыз. (Эй, мушриктер), эгер билбесеңер илимдүүлөрдөн (Ыйык Китептерди билгендерден) сурагыла
بِالْبَيِّنَاتِ وَالزُّبُرِ ۗ وَأَنْزَلْنَا إِلَيْكَ الذِّكْرَ لِتُبَيِّنَ لِلنَّاسِ مَا نُزِّلَ إِلَيْهِمْ وَلَعَلَّهُمْ يَتَفَكَّرُونَ
(Тоорат жана Инжил түшкөн) адамдарга (ал экөөсүнөн мурда) анык кабарлар, (жана башка ыйык) китептер (түшкөн). Биз сага (эң абзел) илим — Кураанды түшүрдүк, адамдарга (Раббиси тарабынан) эмнелер келгенин баяндап берүүң үчүн. Кана эми, (ушулар жөнүндө) пикир кылышса

Choose other languages: