Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nahl Ayahs #117 Translated in Kyrgyz

وَلَقَدْ جَاءَهُمْ رَسُولٌ مِنْهُمْ فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَهُمُ الْعَذَابُ وَهُمْ ظَالِمُونَ
Аларга (Макка мушриктерине) өздөрүнүн арасынан (ишеничтүү) пайгамбар келсе, аны «жалганчы» дешти. Анан аларды, заалым болуп турган абалда азап кармады
فَكُلُوا مِمَّا رَزَقَكُمُ اللَّهُ حَلَالًا طَيِّبًا وَاشْكُرُوا نِعْمَتَ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ إِيَّاهُ تَعْبُدُونَ
Силерге Аллаһ ырыскы кылып берген адал-таза нерселерден гана жегиле жана эгер Аллаһтын Өзүнө ибадат кылчу болсоңор, Анын нээматтарына шүгүр кылгыла
إِنَّمَا حَرَّمَ عَلَيْكُمُ الْمَيْتَةَ وَالدَّمَ وَلَحْمَ الْخِنْزِيرِ وَمَا أُهِلَّ لِغَيْرِ اللَّهِ بِهِ ۖ فَمَنِ اضْطُرَّ غَيْرَ بَاغٍ وَلَا عَادٍ فَإِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Чынында„ Аллаһ силерге тарпты, (мууздалганда аккан) канды, доңуздун этин жана Аллаһтан башкага атап союлган(дар)ды арам кылды.” Ал эми, бирөө (ушулардан башка тамак таба албай) мажбур болгондо, чектен чыкпай сугунбай (өзөк жалгоо үчүн гана) жесе, Аллаһ Кечирүүчү, Ырайымдуу
وَلَا تَقُولُوا لِمَا تَصِفُ أَلْسِنَتُكُمُ الْكَذِبَ هَٰذَا حَلَالٌ وَهَٰذَا حَرَامٌ لِتَفْتَرُوا عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ ۚ إِنَّ الَّذِينَ يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ لَا يُفْلِحُونَ
Тилиңер (өзүңөр) ойлоп чыгарган сөздөрдү Аллаһка (оодарып) жалаа жабуу үчүн «Бул — адал, бул — арам» деп сүйлөй бербегиле. Албетте, Аллаһка жалаа жапкандар! Тозоктон кутулбайт
مَتَاعٌ قَلِيلٌ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ
(Дүйнө жыргалы) бир аз гана пайдалануу. Алар үчүн (Акыретте) жан сыздаткан азап бар

Choose other languages: