Quran Apps in many lanuages:

Surah An-Nahl Ayahs #114 Translated in Kyrgyz

ثُمَّ إِنَّ رَبَّكَ لِلَّذِينَ هَاجَرُوا مِنْ بَعْدِ مَا فُتِنُوا ثُمَّ جَاهَدُوا وَصَبَرُوا إِنَّ رَبَّكَ مِنْ بَعْدِهَا لَغَفُورٌ رَحِيمٌ
Андан соң, албетте, сенин Раббиң, (көп) каршылыктарга учурагандан кийин (өз диндерин сактап калуу үчүн) хижрат кылган, жихадга чыккан жана (дин жолундагы кыйынчылыктарга) сабырдуулук көргөзгөн адамдарды — ушулардан кийин — албетте, Кечирүүчү жана Өз Ырайымына алуучу
يَوْمَ تَأْتِي كُلُّ نَفْسٍ تُجَادِلُ عَنْ نَفْسِهَا وَتُوَفَّىٰ كُلُّ نَفْسٍ مَا عَمِلَتْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ
Ошол Күндө (Кыяматта) ар бир жан өз пайдасын талашып (башкаларды тап-такыр унутуп) калат. Жана ар бир жанга — зулумдук көргөзүлбөгөн абалда — жасаган иштери(не жараша сооп же азап) гана толугу менен берилет
وَضَرَبَ اللَّهُ مَثَلًا قَرْيَةً كَانَتْ آمِنَةً مُطْمَئِنَّةً يَأْتِيهَا رِزْقُهَا رَغَدًا مِنْ كُلِّ مَكَانٍ فَكَفَرَتْ بِأَنْعُمِ اللَّهِ فَأَذَاقَهَا اللَّهُ لِبَاسَ الْجُوعِ وَالْخَوْفِ بِمَا كَانُوا يَصْنَعُونَ
Аллаһ бир шаарды (Макканы) мисал келтирди: Бул шаар тынч, бейпил, ырыскысы ар тараптан “агып” келип турган шаар болчу. Кийин ал (анда жашаган мушриктер) Аллаһтын нээматына каапыр болду эле, бул кылмышынын жазасына Аллаһ аны коркунуч жана каатчылык “кийими” менен “жасантып койду”
وَلَقَدْ جَاءَهُمْ رَسُولٌ مِنْهُمْ فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَهُمُ الْعَذَابُ وَهُمْ ظَالِمُونَ
Аларга (Макка мушриктерине) өздөрүнүн арасынан (ишеничтүү) пайгамбар келсе, аны «жалганчы» дешти. Анан аларды, заалым болуп турган абалда азап кармады
فَكُلُوا مِمَّا رَزَقَكُمُ اللَّهُ حَلَالًا طَيِّبًا وَاشْكُرُوا نِعْمَتَ اللَّهِ إِنْ كُنْتُمْ إِيَّاهُ تَعْبُدُونَ
Силерге Аллаһ ырыскы кылып берген адал-таза нерселерден гана жегиле жана эгер Аллаһтын Өзүнө ибадат кылчу болсоңор, Анын нээматтарына шүгүр кылгыла

Choose other languages: